Баткенде курулуп жаткан ГЭСте кемчиликтер табылды
Баткендин Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл аймагында жайгашкан "Исфайрам-4" кичи ГЭСинин курулуш объектинде пландан сырткары текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Курулуш министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, текшерүүдө объектте арматураларды токуу (монтаждоо) иштери бекитилген башкы долбоордун талаптарынан башкача аткарылганы аныкталган. Мындан улам курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Бай Строй" компаниясына 200 миң сом айып пул салынган.
Мындан тышкары, компанияга кемчиликтерди башкы долбоорго ылайык келтирүү боюнча эскертүү берилген. Маалыматта курулуш иштери аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин убактылуу токтотулганы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















