Чүй облусунда сууга чөгүп кеткен адамды издөө иштери улантылууда
Чүй облусунда 18-март күнү сууга чөгүп кеткен адамды издөө иштери натыйжа бере элек. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 18-март күнү Москва районунун Спартак айылынын 1986-жылы туулган тургуну балык уулаганга айылдагы көлмөгө барып, сууга чөгүп кеткен. Аны издөө иштери 19-20-21-март күндөрү да жүргүзүлгөн. Тилекке каршы, издөө иштери натыйжасыз болууда. Белгилүү болгондой, аталган жаранды издөө иштери бүгүн да улантылмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.