Акыркы суткада өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, Кызыл-Кыя шаарында барак тибиндеги турак жайдын чатыры күйүп кетти
Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Кызыл-Кыя шаарында 7 адамга караштуу барак тибиндеги, жыгач устундуу, шифер жабылган турак үйдүн 765 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Андан сырткары №2-батирдин бөлмөсүнөн 10 жууркан, сыналгы, диван, килем, электр меши, эшик, терезе, 9 чарчы метр жыгач полу, 12 чарчы метр жыгач шыбы да күйүп кеткен. Учурда 6 батирдин ээлери жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Ош шаарындагы Набережная көчөсүндөгү турак жайлардын биринен өрт чыкты. Анда ашкананын 2 чарчы метр жыгач шыбы, муздаткыч, кир жуугуч машина толугу менен күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Gensek

23.03.2015. 16:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыл кыядагы орт жаман болду
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.