super.kg logo

Бишкекте "5 жаштагы кыз менен ойногусу келип" аны уурдап бара жаткан 24 жаштагы жаран кармалды

 
Борбор калаада "5 жаштагы кыз менен ойногусу келип" аны уурдап бараткан 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматкери Мырзабек Токтосунов билдирди. 
Маалыматка ылайык, 20-март күнү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдында 5 кыз ойноп жаткан. Саат 14:00 чамасында кыздар ойноп жаткан жерге азиат улутундагы белгисиз жаран келип аларды кууган. Алардын арасынан 5 жаштагы кызды күчкө салып сүйрөп, уурдоого аракеттенген. Кыз кыйкырып жардамга чакырып баштаганда аны апасы угуп калып сыртка чыккан. Апасы ал маалда экинчи баласын эмизип отурган экен. 
"Кыздын апасы ызы-чуу салып элди жардамга чакырган. Алыс эмес жерде өтүп бараткан милиция патрулу да жардамга келип, кызды уурдап бараткан жаранды кармап кеткен. Ал Ош облусунун Ноокат районунун 24 жаштагы Абдумалик аттуу тургуну экени аныкталды. Сурак учурунда ал ажырашып кеткенин жана уурдап бараткан кыз менен тең кызы бар экенин айткан. "Менин кызыма окшош экен, мен аны жөн эле эркелетип, аны менен ойногум келген" деп айтты. Учурда ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, ал СИЗОго камакка алынды. Азыркы тапта бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө",- дейт М.Токтосунов. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(13)
23.03.2015. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кулкулууго шылтоосу
23.03.2015. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Myndailardy jok kylbasak bolboit tez arada
23.03.2015. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул оорубу эмнеси ыя кенедей кызга кантип делебеси козголот. Мындайлар арабызда толтура эле болуп жаныбыздагы жакынын же таанышын болуп жургондур. Бирок алардын уяты напсиси бардыр. Мен ойлойм педофилдердин деле канкорлору мындай ишке барат го деп.
23.03.2015. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Buga okwogondordu ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-03-24 10:08:38
24.03.2015. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ak-74 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
23.03.2015. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ойногусу келгенин кара мынанын бул педофилда. Эмне болуп баратабыз кыргыздар бийлик катуу чара коруш керек! Болбосо элге берсин эл жазаласын ошондо азаят беле манкурттар...
23.03.2015. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Saribulak, Бийликтегилердин эл менен иштери деле жок, алар бири-бирин чукулагандан башканы билишпейт.Эл жазалабаса болбой калды мындай акмактарды.
23.03.2015. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Патриоттор каяктасынар?алыс жерде беш алтоо болуп бир кызды тепкилеп соккон.оз жерибизде аялдар менен балдарды коргосонор болмок
23.03.2015. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менин жердешим екен ,мен да ноокаттан болом,
Емне дешти да билбейсин,кирген жеринден Адам болуп чык еми.
23.03.2015. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер алтын балык тутуп калсам?тиле бир тилегинди аткарам десе?кыргызстандагы педофилдерди жок кылып сал десем.эркектер кыргызстанда канча %калат. Экен а??60%
23.03.2015. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Такыр эле кинолорду тураган заман болуп баратат го
23.03.2015. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азия улуту дебей ле кыргыз деп эле жазса болбойбу? Кудай аткыр ай,кандай заман болуп кетти. Кыздын бактысы бар экен ,апасы саал кечиксе кандай болот эле. Окуп денем дурт этип кетти. Бактылуу болсун кичинекей кыз.
23.03.2015. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Оюндан от чыгыптыр деп ушуну айтса болот!от менен ойносон куйосун суу менен ойносон чогосун деген макалды билбейт экенда!Жакшы патрул келип калып алдын алыптыр.Бул жакшы жанылык.издетпей тутушканы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: