super.kg logo

"Эки баласын бычактап өлтүргөн" деп шектелген айым "акыл-эси жайында эмес" деп табылды

 

"Борбордогу Арча-Бешик жаңы конушунда эки баласын өлтүрдү" деп шектелип 2 айга камакка алынган аял "акыл-эси жайында эмес" деп табылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев билдирди. 

"Эки баласын бычактаган" деп шектелген 33 жаштагы Амира Ибраева "акыл-эси жайында эмес" деп табылды. Бүгүн же эртең тергөөчү бүтүм чыгарып, аны сотко жөнөтөт. Тергөөчү, экспертизанын жыйынтыгына ылайык, кылмышка шектүү медициналык кароо жагынан медициналык жардамга муктаж экендигин белгилөөдө. Ал эми кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасын сот аныктайт",- деди О.Казабаев. Маалыматка ылайык, эки бала бир нече бычак жараатынан каза тапканы тиешелүү экспертизаларда аныкталган. 

Бүгүн №1-СИЗОнун администрациясы жана Жазаларды аткаруу кызматы тиешелүү мекемелерге кылмышка шектүү А.Ибраеваны атайын ооруканага которууну өтүнгөн болчу. Алар "кылмышка шектүү тиешелүү адистер тарабынан психологиялык жардамга муктаж жана аны атайын дарылоочу жайга которуу керек" деп билдиришкен Жаза аткаруу кызматынан. 

Айта кетсек, 15-февраль күнү Арча-Бешик жаңы конушундагы батирлердин биринен 3 жана 4 жаштагы балдардын жансыз денелери табылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары маркум балдардын апасы кармалган. Ошондой эле кылмышка шектүүнүн Бишкектеги мектептердин биринде мугалим болуп иштеп келгени белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
23.03.2015. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акыл Эси жайында болсо озунун балдарын олтурсок беле.
23.03.2015. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызыкго ээми билишиптирби акылы жайында эмес экенин.Соо адам андай ишке барбайтго.тан калычтуу,ден соолугу жакшы эмес экен эки баланы тороп кантип чонойтуп жатты экен эле.
24.03.2015. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буларга чейин эле билгенбиз
24.03.2015. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй адамдар кудайым ошондой ооруу берип сынабасын тобо кылгыла
24.03.2015. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мектепте кантип иштеп журду экен
24.03.2015. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыл-эси болсо ордунда болсо балдарын олтурмок беле? Ал аял больницалдан качып чыгып кетиши деле мумкун, Кудай сактасын
24.03.2015. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул эженин ичине жин кирип алган, Молдолорго алып барып чыгарыш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: