super.kg logo

Франциядагы авиакырсыкта учактын калдыктары 10 гектар жерге чачылып, ичиндеги 150 адамдан тирүү калганы жок

 

Франциянын түштүгүндө 23-мартта болгон авиакырсыкта Airbus A320 учагынын калдыктары тоо арасында 10 гектар жерге чачырап кеткен. Учактын 142 жүргүнчүсү жана 8 экипаж мүчөсү мерт болду, тирүү калгандар жок. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта чет элдик басылмалар жарыялашты. 

Алгач "учактагы жүргүнчүлөрдүн тагдыры белгисиз" деген маалымат тараган. Бирок өлкө бийлиги учактагыларды тирүү табууга үмүт дээрлик жок экенин айткан. Барселонадан Дюссельдорфго учкан учак германиялык "Germanwings" компаниясына тиешелүү экени айтылып, аталган компаниянын жетекчиси Томас Винкельман бул учак 10 жылдан бери кызмат кылып, бул аралыкта 47 миң учуу жасаганын билдирди. 

Учурда кырсык болгон жерде Франциянын жана Германиянын куткаруучулары иш алып барышууда, алардын айтымында, учактын сыныктарын жана ичиндеги жүргүнчүлөрдү чогултууга бир нече күн керектелет. Анын үстүнө учак кулаган жер тоонун арасы болгондуктан, иш татаалданууда. Каза тапкандардын арасында 20дан ашуунун жаш бала болгон.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
25.03.2015. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жаткан жерлери жайлуу болсун. Кырсык каш кабактын ортосунда дегендей качан эмне болуп кетеерин эч ким билбейт.
26.03.2015. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: