super.kg logo

Кара-Балтада күйөөсү аялын өлтүрүп, андан соң өзү асынып алды

 
Кара-Балта шаарында жергиликтүү тургун аялын өлтүрүп, андан соң өзү да асынып алган. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Нургүл Нусупова билдирди. 
Маалыматка ылайык, бул каргашалуу окуя 16-март күнү болгон. Анда Жайыл райондук милициясына 50 жаштагы Ф.Э. аттуу жаран өз үйүндө асынып алганы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиционерлер үйдүн жер төлөсүнөн маркумдун аялынын да жансыз денесин табышкан. 
Бул факт боюнча милицияга маркумдун Казакстанда жашаган эжеси билдирген. Ага бир тууган иниси телефон чалып кечирим сураган да, аялынын өмүрүн сактай албагандыгына өкүнгөнүн билдирген. Ошондой эле аялы ага таарынып уксус ичип каза болгонун айткан. Мындан улам маркумдун эжеси Казакстандан кайтып келип, инисинин жана келининин жансыз денелерин көргөн. 
Окуя болгон жерге келген адистер аялдын денесинен бир нече жаракаттарды таап, аялдын оозунан көбүк чыгып турганын айтышкан. Ал эми соттук-медициналык экспертизадан аялдын 2 кабыргасы сынып кеткени да аныкталган. 
"Учурда бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Андан сырткары тиешелүү бардык экспертизалар дайындалды, азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө",- деди Н.Нусупова.  

Маркумдардын коңшулары бул үй-бүлө акыркы учурларда көп урушуп жүрүшкөнүн айтышкан. Каза болгондордун ортосунда 23 жаштагы майып кызы калды, анын баса албай турганы жана сүйлөбөгөндүгү белгилүү болду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
25.03.2015. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамилеси келишпесе жон эле ажырашып кетсе болмок аялы таяк жеп алып уксуз ичип коркутам десе керек аялзаты женил ойлу боушат да. Майып кызы эмне болот эми
25.03.2015. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чын эле, мамилеси келишпесе башканы алып бактылуу кылбайбы... Байкуш тиги майып кызга эле боорум ооруп турат, эми анын тагдыры не болот?
25.03.2015. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сотолуп кеткенден коро олойун деген экен да жаман жаман
25.03.2015. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уксуз ичтиби, кабыргасы сынганыга караганда же оозуна уксуз куйуп жуткузуп олтурдубу бир Алла билет, майып кызы Алла берген насипти жашайт, а берки куйоосу тозоктун тупкуруно барабы аны да бир Алла билет.
25.03.2015. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кылмыш ишин кимге козгойт?экоо тен кетиптирго?
25.03.2015. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арактын айынан же акча жетишпегендиктин айынан. Эхх... Эмне дешти да билбейм
25.03.2015. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр берсин да баарыбызга Кудайым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: