Токмокто мал уурдагандар кармалышты
Токмокто мал уурдагандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 43 жаштагы У.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар кароосундагы эки коюн уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 21 жаштагы З.Р. жана 23 жаштагы О.Н. кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.