Бишкек-Ош жолунда жүргүнчү ташуучу унаа жардан кулап, 3 жүргүнчү каза болду
5-июнда саат 18:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 355-чакырымында Сузак районунун тургуну, 1992-жылы туулган Т.Б. Мерседес-Бенц 310 үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу автоунаасы менен Бишкекке келе жатып рулду башкара албай жолдун четиндеги жардан түшүп кеткен. Жыйынтыгында Сузак районунун тургундары болгон 3 жүргүнчү окуя болгон жерден каза табышкан.
Жалал-Абад ОИИБинен кабарлашкандай, айдоочу Т.Б. жана калган 6 жүргүнчү (Сузак районунун тургундары) денелеринен жаракат алышып, Кара-Көл шаардык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө түшүшкөн. Учурда текшерүү-иликтөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Реанимациядан аман эмне чыгышсын !
журсо болмок экен.
откондордун жайы
жаннаттан болсун.