super.kg logo

Борбордогу Түштүк-батыш көрүстөнүнүн мурдагы жетекчиси "киши көмүлүп жатат" деген шылтоо менен жерлерди мыйзамсыз сатканы айтылууда

 
Бишкектеги Түштүк-батыш көрүстөнүнүн мурдагы жетекчиси К.Молдалиев "киши көмүлүп жатат" деген шылтоо менен жерлерди мыйзамсыз сатканы белгилүү болду. Бул маалыматты 21-июлда SUPER.KG порталына аталган көрүстөндүн учурдагы жетекчиси Чыңгыз Апасов билдирди. 
Анын айтымында, Чоң-Арык айылына жакын жерде жайгашкан көрүстөндүн ичиндеги бир топ жерлер "орун калбай калат" деп алдын ала элге сатылып кеткен. Чыңгыз Апасов менен жолугушуу учурунда 10го жакын "сөөк коюлган" делинип топурак менен көмүлгөн мүрзөнүн ордулары алынып, толугу менен тазаланды. 
"Бул жерге эч кандай сөөк коюлган эмес, бирок коюлган деп алдын ала ээленген, себеби баарыбызга эле түшүнүктүү болсо керек. Мындай айтканда, бул жай ишкердиктин бир түрүнө айланып калган. Учурда көрүстөндүн айланасындагы мындай орундарды аныктоо жана аларды тазалоо иштери жүрүүдө",- деди Чыңгыз Апасов. 
Ошондой эле айрым адамдар көзү өткөн жакындарынын жанынан орун алып, алдын ала өзүнө эстелик орнотуп коюшкан. Биздин порталга белгилүү болгондой, бул факт боюнча Чыңгыз Апасов "сөөк коюлган" делинип топурак менен көмүлгөн жерди сатуу мыйзамсыз экенин айтып, Ленин райондук милициясына арыз жазган. Көрүстөнгө келген милиция кызматкерлери "жерди саттып алган адамдар тарабынан арыз түшмөйүнчө буга кылмыш иши козголбойт" деп билдиришти. 
Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев окуя эки тараптуу каралышы керек экенин кошумчалады: "Ким биринчи арыз жазса, ошол адамдын арызы биринчи каралышы керек. Ошол эле учурда чын эле жерлер мыйзамсыз сатылганбы, аны ким саткандыгы такталып, окуя эки тараптуу иликтениш керек".
Ал эми Түштүк-батыш көрүстөнүнүн мурдагы жетекчиси Канат Молдалиевдин бизге белгилүү болгон уюлдук телефон номерине байланышка чыкканбызда, тилекке каршы, өчүк болду. Эгер бул окуя боюнча Молдалиевдин да ою болсо, жообун укканга даярбыз.
Эскерте кетсек, Бишкектеги Түштүк-батыш көрүстөнүнө 1973-жылдан бери маркумдар коюлуп келет. Аталган жай борбордогу эң чоң көрүстөн болуп эсептелет. Ушул жылдын 1-октябрынан тарта аталган көрүстөн расмий түрдө жабылат. Мындан ары маркумдардын сөөгү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Гроздь айылында жаңы ачылган көрүстөнгө коюлат.





Бишкектеги көрүстөндө "сөөк коюлган" деген жер мыйзамсыз сатылганбы?

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мелис Маматкулов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
22.07.2015. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олдуго быягы оло элек эле эстелик коюшуп
22.07.2015. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым кандай кудайдан коркпогон адамдаркен
22.07.2015. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми бир эле жасабаган
жумуштары ушул эле
калган болчу,быягын
да койкойтуптур да.
SUPER.KG видео
22.07.2015. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эми эмне деген шумдук Кыргыздардан ыйман жоголуптур
22.07.2015. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tooboo olo elek jatyp mesta alyp koigonu ukmuwko
Медиа-портал
22.07.2015. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жерди сатып алгандар орустар,корей же башка улуттагылар болушу мумкун.Жеди сатып ийген киши дагы бир шылтоо айтып,суудан кургак чыгаары айдан ачык эмеспи!!!
23.07.2015. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайканада соода борбору болуп калыптырда тообо кылдым кудайым озун кечир.
Медиа-портал
23.07.2015. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мее сага таммаша кайда баратабыз
SUPER.KG видео
23.07.2015. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олгон адамды да жон койбойт экенсинерда.Кыйын экенсинер Озбекстанга,Таджикистанга сатылган жерлерди кайтарбайсынарбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: