Ырчы Омарды колдогон чыгармачыл адамдар Талас райондук сотуна кат жолдошту

Ырчы Омарды колдогон чыгармачыл адамдар Талас райондук сотуна кат жолдошту. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда ырчынын жакын досу Кудрет Тайчабаров SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка караганда, кат жолдогондордун арасында КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова, ырчы Нурлан Насип, алып баруучулар Нурзат Токтосунова, Эркин Рыскулбеков жана башка 50гө жакын чыгармачыл адам бар. Катта “Омардын эч жакка качпашына биз кепил болуп беребиз, аны эркиндикке чыгарууну суранабыз” деп жазылган.
Эскерте кетсек, кечээ, 27-июлда ырчы Омар Таластан кармалып, камакка алынган. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ырчы шериги Нуржанбек Токтогулов менен бирге “Талас облусунун жашоочусунан бир жыл мурун төө буурчак алышып, акчасын беришкен эмес” деп айыпталышууда.

Эскертүү! Башка колдонуучуну кемсинтүүгө тыюу салынат!
Жеке маектешүүнү купуя каттан уланткыла.
Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат! 3 күн БАНга!
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз!
Талкуудан алыстабаңыз! Эскертүү!