super.kg logo

Сузакта 2 жыл мурун каза болгон наристени өгөй атасы эмне себептен жана кантип кыйнаганы белгилүү болду (фото)

 

2 жыл мурун каза болгон Раяна аттуу наристени өгөй атасы эмне себептен жана кантип кыйнаганы белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2013-жылы март айында оорудан көз жумду делген 2 жаштагы Раянаны туугандары шарияттын жолу менен жерге беришкен. "Бирок анын өлүмү тууралуу милицияга ыкчам маалыматтар келип түшкөн. Ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында кылмышка шектүү делинип 1979-жылы туулган Сузак районунун Кара-Чолок айылынын Ормон аттуу тургуну кармалды. Ал наристенин өгөй атасы экени аныкталды",- деп билдирет басма сөз кызматы. Андан соң аталган кызматтын маалыматында төмөнкүдөй жазылат:

"Бул окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Чолок айылында 2013-жылдын март айында орун алган. Ормон ошол убакта аялы ээрчитип келген өгөй кызы менен чогуу турган. Наристенин кылыктары өгөй атасынын жек көрүүсүнө алып келип, ал кыз ыйлаак болгондуктан, аны опузалап сооротуу максатында алгач үйдөгү жылытуу мешиндеги отко башын салып, чекесин жана маңдай чачын күйгүзүп алган. 

Кийинкисинде булганып алган Раянаны шымы менен мештин үстүнө отургузуп салып, синтетика материалдан турган шымы этине жармашып калган. Шектүүнүн айтымында, ооруканага алып барууга акча каражаты жок болгондугуна байланыштуу ага жубайы экөө тиш паста сүйкөп, айыктырууга аракет жасашкан. 

Андан көп өтпөй эле мас абалында келген өгөй ата горшокто ыйлап отурган наристени көрүп ачууланып, сыналгынын антеннасынын зымы менен чапканда күйүктөн калган чекесиндеги тырыгы канап кеткен. Аны колу менен бетине уруп, эс-учун жоготкон наристе ур-токмокко чыдабай жан берген. Окуяны жашыруу максатында аялын коркутуп, андан эч кимге айтпоону талап кылган. Арадан эки ай өткөн соң алар ажырашып кетишкен.

2015-жылдын 10-сентябрында Сузак РИИБинин кызматкерлери тарабынан бул окуяга тиешеси бар деп өгөй атасы кармалып, жасаган кылмыш ишин моюнуна алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда шектүүнүн көрсөтмөсү менен наристенин көмүлгөн жайы аныкталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, наристенин сөөгү жерден чыгарылып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө",- деп билдирет мекеме.






Өгөй атасы наристени ысык мешке отургузуп, башын отко кактаганбы?

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Эрмек Райымбеков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(84)
14.09.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жазасын Кудайым берсин,ылайым бала деп какшап зарлап отсун.
14.09.2015. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын.
14.09.2015. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тообо! Не деген мыкаачылык бу?
14.09.2015. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх жараткан, эмне дешти да билбейсин...
14.09.2015. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Kuali,Темир тор артында кочугунон сыз отуп кемаройу саландап калсын
14.09.2015. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кылмышкердин озун дагы мештин устуно олтургузуп котонун куйгушуш керек ошондо ошондо тушунот наристенин акыбыбалын
14.09.2015. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Байкуш неристени олгондон кийин да тынч коюшпайт экен да! Апасы да кызык экен, эр тугонуп калгансып кызына ушундай мамиле кылса дагы зоокур менен чогуу жашай берген. Ылайым огой атасы тозоктун отунда озу омур бою азап тартсын...
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: