Токтогулда табылган эшек эттеринен кытайлардын тамак-ашы жасалып жүргөнү белгилүү болду




Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кара-Жыгач айылындагы көпүрөнүн астынан табылган эшектер боюнча милиция териштирүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.
Автор: Нургазы Аматов
Маалыматка ылайык, 20 күн мурун "Датка-Кемин" долбоорун ишке ашырган кытай улутундагы жарандардын көчүп кеткенине байланыштуу алардын тамак-ашына колдонулган эшек эттери ашып калган. "Мындан улам эшектерди бул жерге таштап кетишиптир. Бул тууралуу маалымат жергиликтүү бийликке жана тиешелүү мекемелерге берилди. Териштирүүлөрдүн жыйынтыгында эшектердин уурдалбаганы аныкталды. Мындан тышкары жоголгон эшектер боюнча маалыматтар жок. Кылмыштын курамы жок болгонуна байланыштуу бул факт кылмыш катары эсептелбейт. Жакын арада табылган эшек эттери көмүлөт",- дешти облустук милициядан.
Айта кетсек, кечээ, 23-сентябрда аталган эшек эттери табылганы тууралуу ЭЛДИК КАБАР келген. Буга чейин 21-сентябрда Ош шаарында Кытайдын жаранына таандык 130дан ашуун эшек багылган жай табылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
4

Кытай кухнясынан ашып калган эт болсо бир жон..жаш баланы алдагандай алдап бул кылмыш эмес деп комгончо шашышат ...
Корунуп турбайбы жаны союлганы...кытайлар союп туруп таштап кетпегендир эми
1.Шорпо кой эти-150сом
2.шорпо уй эти- 130сом
3.шорпо эшек эти-120сом деп эле сатканы калыштыго
Мисалы кыргыздар жылкынын этин жесек, жебеген улуттар бизди коруп жииркенишет.
Вьетнамда мышыктын этин жешсе биз да жииркенебиз.
Уйдун этин жесек индустар бизди жек коруп карашат.
Ошондуктан ар улуттун тамак ашын, каада салтын туура тушунуш керек.
Айтайын дегеним эшектин этин кытайлар жешсе жей беришсин бирок биз биз да жеп алган жокпузбу?! ошол кумон болуп атпайбы.
Биздин олкодо журуп оз билгенин кылышканы без предел да.