super.kg logo

Аскерде көз жумган жоокерлердин өлүмү боюнча акыйкаттык издеген энелердин үнү (фоторепортаж)

 

Аскерде жүрүп каза болгон 3 жоокердин ата-энелери бүгүн, 30-сентябрда Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Нааразычылыкка чыккандар балдарынын өлүмүнө күнөөлүүлөрдүн жазага тартылуусун талап кылышууда. 15ке чукул ата-эне колдоруна “Биз мамлекетке ишенгенбиз”, “Акыйкаттык керек”, “Адилеттик орнотулсун” деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушту.

Каза болгон жоокерлердин бири Нурсултан Карагулов 18 жаш курагында ушул жылдын 5-июнунда Бишкектеги Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин №7412-Ички аскерлер бөлүгүндө кызмат өтөп жатканда күзөт секисине өз куруна муунуп өлгөн. Аскер бөлүгү Карагулов өз өмүрүнө өзү кол салганын билдирип келет, бирок баланын апасы Назира Касымалиева бул бүтүмгө ишенбей турганын айтты.

“Балам 7-апрелде аскерге кетип, 6-майда Бишкекте ант берди. Ант берүү аземине катышып, балабыздын көңүлдүү жүргөнүн көргөнбүз. Атасы экөөбүзгө “мага ишенип койгула, аскердик билет алып, ушул жерге кызматка калам, баары жакшы” деп кеткен. 5-июнда “балаңар асынып алды” деп сөөгүн алып келишти. Өз өмүрүнө өзү кол салуусу мүмкүн эмес, биз буга ишенбейбиз. Аскер бөлүгү анын себебин айтпай жатат, “баары эле жакшы болчу” деп. Жакшы болгон болсо, бала өлмөк беле? Балам кызмат кылган жерди да көрүп чыктык, абалы начар экен.

Уулум каза болгондон кийин денесинин бир нече жеринде көк ала тактар бар экенин көргөнбүз, демек, балам сабалган. Ошон үчүн ишенбей, акыйкаттыкты талап кылып чыктым. Биз мамлекетке ишенип, уулубузду элге кызмат кылсын деп аскерге жибергенбиз, анын сөөгүн күткөн эмес болчубуз”,- деди Касымалиева.

Ал эми дагы бир каза болгон жоокер - 1996-жылы туулган Бекжан Талантбек уулу. Ал ант бергенден эки жума өткөндө, Жалал-Абад облусундагы аскер бөлүктөрүнүн биринде кызмат өтөп жатып Ислам Анаркул уулу аттуу аскердин огунан көз жумган. “Балам 2014-жылдын 21-ноябрында кызматта жүрүп каза болду. Аскер бөлүгү башка аскер мылтыкты кармап отуруп, кокустан атып алганын билдирүүдө. Аскер жетекчилери ушундай нерселерге жол беришсе, анда эмнеге балдарыбызды кызматка чакырышат? Кандай алып кетсе, ошондой алып келиши керек да! Ал эми баламды атып жиберген адам Аскер прокуратурасынын чечими менен 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө камакка алынган. Биз буга макул болбой, 12 жылга чейинки мөөнөткө камалуусун жана иштин Жалал-Абад облусунда эмес, Бишкек шаарында же Ысык-Көл облусунда жүргүзүлүүсүн талап кылып жатабыз. Биз Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылында турабыз, ошондуктан Жалал-Абадга бара албайм”,- деди каза болгон аскердин энеси Кененбаева.

Каза болгон аскерлердин дагы бири Бактияр Көчөрбаев Бишкектеги №97632-Абадан коргонуу аскер бөлүгүндө келишимдик негизде иштеп жатканда, өзү менен бирге иштеген лейтенант Акул Турматов жана офицер Жеңишбек Нурбек уулу тарабынан атылып өлгөн.

Энеси Бурул Чалбаеванын билдиришинче, аты аталган эки кызматкер мас абалда болушкан.

“Балам 2009-2010-жылдары Улуттук гвардияда аскерде болуп, 2013-жылы келишимдик негизде 3 жылдык мөөнөткө Абадан коргонуу аскер бөлүгүнө кызматка алынып, бир жылдан ашык убакыт иштеди. 22-ноябрда саат 23:55те күзөттө турганда сырттан өзү менен бирге иштеген лейтенант Акул Турматов жана офицер Жеңишбек Нурбек уулу мас абалда келип, уулумду атып жиберишкен. Атылган эки ок анын ээгинен кирип, өпкөсүнө барып сайылган. Бул боюнча ишти Аскер прокуратурасы сотко өткөргөн. Жеңишбек Нурбек уулу камакка алынып, Акул Турматов боштондукта жүрөт. Эми ал үйдө отуруп алып мени коркутуп жатат. Ага тийиштүү жаза берилүүсүн талап кылып бир нече жерге кайрылдым, бирок эч кандай жооп болбой жатат. Атасы “колуңдан эмне келет, билгениңди кыл, биздин ишенген адамыбыз бар” деп жатат”,- деди Чалбаева.

Митингге чыгышканы менен, алардын үнүн угууга эч ким келген жок. Мындан улам нааразычылыгын дагы уланта турганын айтышып, тарап кетишти. 






Эне: "Аскерде баламды атып өлтүрүштү"

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Эрмек Райымбеков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(22)
30.09.2015. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура кылышат
30.09.2015. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Баланын күйүтүн тартуу эне үчүн кандай гана азап?! Күнөөлүүүлөр жооп беришсин! Эне баланы ары-бери кылып ундан жууруп албайт да, туурабы?
30.09.2015. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окунучтуу,аянычтуу
Медиа-портал
30.09.2015. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш энелер. Ыйлап, ыйлап коздору шишип, акыры не кыларын билишпей калыптыр. Малаховго кайрылам деп, биздин жерде соттордун акча козу тумандап, акыйкаттыктын жоктугунан айтып жатса керек. Айласы гана кетип калыптыр. Кана акыйкаттык, кана? эгер ошол соттордун балдарын бируу жыгытып, же согуп койго соттоп жиберет болчу. Кана акыйкат, каякта? эч бир эненин козунон жаш акпасынчы.
M89 түзөттү 2015-09-30 17:04:06
Медиа-портал
30.09.2015. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аскер ушундай болуп калганбы???
Медиа-портал
30.09.2015. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
missO, болуп калганбы эмес. Болуп буткон. Ызаама чыдабай айтып жатам.
30.09.2015. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мына элибиздин жузу,депуттар акчасын кайда чачарын билбей журушот,а карапайым калк акыйкаттык табалбай ыйлап олтурушат.
SUPER.KG видео
30.09.2015. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молтурогон жап жаш балдар олуп атат Ата энелер байкуштар Бактияр жакшы бала эле менин Жердешим Жаткан Жери жайлуу болсун
SUPER.KG видео
30.09.2015. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз кыргыздар кандай элбиз тушунбой кетесин кеде.
30.09.2015. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мыйзам жок туура эмес чечим чыгарат Кыргызстанда кичине ойлонуп койсо болмок чондорубуз
SUPER.KG видео
30.09.2015. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Журокту оорутушат. Баламды аскерге жибербейм !!!!!!!!
Медиа-портал
01.10.2015. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым балдарыбыздын алдынан кетирсин тиги дуйного,баланын куйуту жаман!Баланын артынан калбайлы,кудайдан ушуну суранаар элем!Энелердин журогу эзилип жатканын,аскер адамдары тушуноор бекен,ботом деп боздогонун!Кантип ,ар бир олгон аскер бала,озуно кол салышы мумкун!Прездент кийлигишип,армияны козомолдобосо,эч бир эне баласын жонотпойт армияга!
Медиа-портал
01.10.2015. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
мин кыялдын диджейи акылбек ырсалиевдин туулган кунун чагылдырган видеону таппай атам супер инфо мумкун болсо ссылкасын берип койгулачы.
01.10.2015. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чиноквниктер ушундай проблемаларды чечишпейт анан кокурок кагып агитация кылып журушот.
Медиа-портал
01.10.2015. 03:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baldardy armiyaga jonotpoi koiuu kerek i vse, oshondo okmot oilonso kerek dep oiloim. CHet olkodo armiyaga baldar oz kaaloosu menen gana baryshat tura, i eshe okmot ailyk beret eken, aa bizdin KGda beker asker kyzmatyn otoshot i eshe olturup koiuudan da taibait . Deputattar kaiakty karap atyshat boldu eken aa? jany zakondordu chygaryp el uchun kyzmat kylyshsa bolboibu.
SUPER.KG видео
01.10.2015. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин армия эмне гана болуп бара жатат акыркы убактарда,кайран жаш балдар,жайлары жаннаттан болушсун
SUPER.KG видео
01.10.2015. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай олум боло берсе биздин мекен коргоочуларыбыз жоголот. Эгер Россияга кайрылышса чондордун оздоруно элэ уят.


SUPER.KG видео
01.10.2015. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындайлар толтура баарынын ата энеси чогулуш керек.айкыйкат жок бизде,кандай эле өздөрүн өздөрү өлтүрүп алышсын баары эле.
Медиа-портал
01.10.2015. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматуу кыргыз элим балдарынарды аскерге жибербегиле алжакта олумун берип жиберет жигиттер барбагыла суранам силерден аскерге кызмат кылбагыла аскерге барып корболгончо апандын алдында тур ммм чон рахмат угуп койгон учун
Медиа-портал
01.10.2015. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чондор ойлобойт карапай элимдин балдары кырылып жатканнын башы да орупбой чондордун акыйкатттыыык жокта кыргызстан
SUPER.KG видео
02.10.2015. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да аскерлердин кийимни коруб ыйлаб жибергем чыныда ото начар,окмот биринчи орунда аскерлерге конул буруш керек бизди коргогон ошолор болгондон кийин
Медиа-портал
28.10.2015. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушуну коргон ар бир ата-эне балдарын кантип армияга жонотсун))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: