Красноярск-Бишкек каттамынын артка жылуусуна учакка күйүүчү майдын куюлбай калганы себеп болгон



Бүгүн, 7-октябрда Орусиянын Красноярск шаарынан Бишкекке кетчү "Эйр Кыргызстан" компаниясына таандык болгон учак учуу убактысы келгенде белгисиз себептерден артка жылдырылып, түнкү саат 03:00дөн бери 150дөй кыргыз жараны аэропортко жакын турган мейманканаларда отурган. Бул тууралуу SUPER.KG'ге окурмандар бүгүн эртең менен WhatsApp аркылуу кайрылышып, каттам качан болорун билип берүүнү суранышкан.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Красноярск-Бишкек каттамынын артка жылуусуна эмне түрткү болгонун аталган компаниянын коммерциялык директору Арсен Табылдиев SUPER.KG'ге айтып берди. Анын айтымында, учакка күйүүчү майдын куюлбай калганы себеп болгон.
"Өзүңүздөр билесиздер, жакында "Трансаэро" авиакомпаниясы кудуретсиз (банкрот) болуп калды. Ошого байланыштуу бизге алдын ала күйүүчү май куюп берип турган компания чочуркап, күйүүчү май куюудан баш тарткан. Буга чейин ай сайын күйүүчү май куюп коюшуп, айдын аягында акчасын алып турушкан. Ошондон улам биз ага деген каражатты "Росинбанк" аркылуу салып жиберген элек, бирок ал банктын Орусияда лицензиясын алып коюшкандыктан, акча берилбептир. Биз андай болорун билген эмеспиз. Бул банк системинин катачылыгынан улам болуп жатат. Биз банктын дарегине доо арыз жазып жибердик.
Биздин учак жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00 чамасында учуп чыкмакчы болду. Ал эми жүргүнчүлөрдү аэропортко жакын жердеги мейманканаларга жайгаштырып, ысык тамак менен камсыз кылып жатабыз",- деди Табылдиев.
Красноярск шаарынан Бишкекке кетчү учак каттамы артка жылдырылып, 150дөй кыргыз жараны мейманканада жатышат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(7)
KUMTOR1

Медиа-портал
07.10.2015. 13:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кампирлар дейтко)
Aviator

07.10.2015. 17:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
акчасын бербей журсонор куйбайт да. анан калп эле банк санк дей бербей.
M89

07.10.2015. 17:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уят! Арданып олбойт экен го булар.
Bekchoro

07.10.2015. 18:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошон учун Кыргызстандын учагы менен учкум келбейт S7 жакшы компания
EdikoKG

07.10.2015. 19:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде озу,жоопкерчилик деген ноль. Баардык жерлерде.
MAKALAK

07.10.2015. 21:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
байкасанар саат тунку 3то вылет деп турат а директор 18де учмак дейт
Aipri

08.10.2015. 12:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык немелер гоо.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.