Түрмөдөн качууга аракет жасаган 9 кылмышкердин бешөөсүн Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору кармашты (фото)
11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан качып кетүүгө аракет жасаган 9 кылмышкердин бешөөсүн Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 01:00 чамасында Ленин айылында инспекторлор Тойота-Эстима үлгүсүндөгү автоунааны токтотууга аракет жасашкан, бирок айдоочу аларга баш ийбей кете берген. "Мындан улам жол-кайгуул кызматкерлери бул унааны кубалашкан. Инспекторлор асманга эки жолу ок чыгарса да, айдоочу буга маани берген эмес. Ошондо инспекторлор унаага ок чыгарганда, айдоочу аны токтоткон. Унаанын ичинен 8-9 адам чыгып, ар тарапка качып кетүүгө аракет жасаган. Инспекторлор алардын бешөөсүн кармаганга жетишишти. Калганы качып кетти",- деп билдирет мекеме.
Маалым болгондой, текшерүүдө кармалгандардын жанынан саюучу-кесүүчү буюмдар табылган. Учурда калган кылмышкерлерди издөө боюнча ыкчам иликтөө амалдары уланууда.
Түрмөдөн качууга аракет жасап кармалгандар
1

Супер-Инфо
super.kg видео

















Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз.
Биз жакты солдаттар басып кетти го, үйлөргө чейин кирип карап
Эскертүү! Провокацияга жол жок!