Өлтүрүлгөн кылмышкер Данияр Кадыралиев экени тастыкталды, ал милиционерге кол салуу учурунда жок кылынды
Кадыралиев Данияр Кылычбекович 1976-жылы Жумгал районунун Миң-Куш айылында туулган. Улуту - кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес. Бою 170-175 сантиметр. Көзү кара, чачы кара.

Бүгүн, 16-октябрда Бишкектеги Дордой конушунда өлтүрүлгөн адам №50-түзөтүү колониясынан качып кеткен кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев экени аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери конуштагы үйлөрдүн биринде текшерүү жүргүзүп жатышканда, Кадыралиев бычак менен милиционерлерге кол салган. Ага ок чыгарылып, ал ошол жерден өлтүрүлдү. "Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери маркумдун сөөгүн карап, ал 1976-жылы туулган Нарын облусунун тургуну Данияр Кадыралиев экенин тастыкташты",- дешти мекемеден.
Айта кетсек, буга чейин өлтүрүлгөн кылмышкер Азамат Мусуралиев экени божомолдонгон.
Дордой конушунда түрмөдөн качкандар изделүүдө
Дордой конушунда түрмөдөн качкандардын бири өлтүрүлдү
Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Бекжан Рыскулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Андан сырткары, корунгонду эле ата бергидей адамдар чымчык беле? Бычак менен кол салып жатса, башка адам дегенинер кандай?.. Башканын сурап алаары бар экенин эске алсаныздар. Адам олтуруу тамаша иш эмес, ото жоопкерчиликтуу,