ИИМ "Республика-Ата Журт" партиясынан депутаттыкка талапкер Исмаилованын атынан мандаттан баш тартуу тууралуу жасалма арыз боюнча кылмыш ишин козгоду
Ички иштер министрлиги "Республика-Ата Журт" партиясынан депутаттыкка талапкер Аида Исмаилованын атынан мандаттан баш тартуу тууралуу жасалма арыз боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан 19-октябрда билдиришти.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Маалым болгондой, Исмаилова 17-октябрда ИИМге кайрылып, 15-октябрь күнү анын макулдугусуз эле партиянын жооптуу кызматкерлери аны мандаттан четтетүү үчүн жасалма арыз жазышканын, ошондой эле арызга анын атынан жасалма кол коюшканын билдирген.
18-октябрда материалдар каралып чыгып, арыздын негизинде ИИМдин Тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
-1

Кимдер байлары калдыбы анда