Качкын кылмышкер Азамат Мусуралиев Алтынбек Итибаев менен акыркы түнүн кантип өткөргөнү белгилүү болду (фото)
Чүй облусунун Сокулук районундагы Арал айылы тараптагы качкын кылмышкер Азамат Мусуралиев өлтүрүлгөн аймак.


Чүй облусунун Сокулук районундагы Арал айылы тараптагы качкын кылмышкер Азамат Мусуралиев өлтүрүлгөн аймак.

Бул аймактагы талаада 2-3 турак жайда дыйкандар жашашат.

Милиция кызматкерлери "Азамат Мусуралиев менен чогуу жүргөн" делген Алтынбек Итибаевди издешүүдө.

Милиция кызматкерлери "Азамат Мусуралиев менен чогуу жүргөн" делген Алтынбек Итибаевди издешүүдө.

Өлтүрүлгөн Азамат Мусуралиевдин канынын издери

Өлтүрүлгөн Азамат Мусуралиевдин канынын издери

Өлтүрүлгөн Азамат Мусуралиевдин канынын издери

Качкын кылмышкер Азамат Мусуралиев өлтүрүлгөн аймакта "аны менен чогуу жүргөн" делген Алтынбек Итибаев
Бүгүн, 20-октябрда саат 09:00 чамасында качкын кылмышкер Азамат Мусуралиев өлтүрүлгөн аймакта "аны менен чогуу жүргөн" делген Алтынбек Итибаев изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү түзүмдөр маркум Азамат Мусуралиев экенин аныкташты. Мусуралиевдин сөөгү өлүкканага жеткирилди.
"Ал өлтүрүлгөн талаада 2-3 турак жай бар, аларда дыйкандар жашашат. Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, түн ичинде алардын турак жайына Мусуралиев менен Итибаев келишип, төшөк, нан сурашкан. Үй ээлери Мусуралиевге чай беришиптир, ал эми Итибаев үйгө кирген эмес экен.
Тургундардын айтымдары боюнча, эки качкын кылмышкер эч ким жашабаган коңшу турак үйдө түнөшкөн. Түнү бою алар кайда барууну катуу талкуулашкан экен. Бири Казакстанга барууга ниеттенген. Алар кийимдерин алмаштырып, сакалдарын алышыптыр. Алардын жанында бычак болгон экен, бирок тургундарды коркутушпаптыр",- дешти облустук милициядан.
Айта кетсек, бүгүн Чүй облусунун Сокулук районундагы Арал айылы тараптан Азамат Мусуралиев өлтүрүлдү.
Качкын кылмышкерлердин бири Сокулукта өлтүрүлдү
Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Эрмек Райымбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Алтынбек Итибаев менен,Адилет паланчаев бир көзү сокур ошол экөө калды.
анысын деле олтурот экен да
чын эле бир сыр бар болуш керек.
Эскертүү! Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!