Качкын кылмышкер Азамат Мусуралиев куралчан жоокерге бычак менен кол салганы үчүн ага бир нече ок чыгарылган



Качкын кылмышкер Азамат Мусуралиев атайын багыттагы жоокерге бычак менен кол салганы үчүн ага ок чыгарылган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына күч түзүмдөрүнөн билдиришти.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Интернеттен алынган
Маалыматка ылайык, Мусуралиевге ок тийип, ошол жерден каза тапкан. "Издөө иштеринде эки жоокер эч ким жашабаган турак жайдын ичине киришип, Мусуралиевди көрүп калышкан. Алар эскертүү катары ок чыгарышканда ал баш ийбей, бычак менен кол салган. Ошондо ага карата бир нече ок чыгарылган",- дешти күч түзүмдөрүнөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Мусуралиевге 9 ок чыгарылган.
Айта кетсек, бүгүн Чүй облусунун Сокулук районундагы Арал айылы тараптан Азамат Мусуралиев өлтүрүлдү. Учурда бул аймакта "аны менен чогуу жүргөн" делген Алтынбек Итибаев изделүүдө.
Качкын кылмышкерлердин бири Сокулукта өлтүрүлдү
Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Эрмек Райымбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

1-ден эн башында чыккан суротту карасанар 10кундой мурда эле тартылган сурот
2-ден Итибаевдин байкеси деле айтып атпайбы жогорку жактан 6 адам камалмак деп ошолор кылып атышат го дейм
3-дон ушул уйго келишиптир жатканга орун сураса бербей койушуптур ал жерде ээч ким жашабаса ээн талаа болсо эри катынды жон гана олтуруп салбайбы ушунчалык кыйын кылмышкерлер болсо охранды олтурго
Мен бул жерден ойго келдим куноосу жок адамдарды подстава кылып атышат го деп! Бул менин жеке оюм!!!
Эскертүү! Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!