Түрмөдө каза болгон Жумалиевдин эжеси "№50-абактан качыруу - бул атайын уюштурулган операция" деп шек санап жатат

"№50-түзөтүү колониясынан качыруу - бул күч түзүмдөрүнүн атайын уюштурган операциясы",- деген пикирин бүгүн, 22-октябрда маалымат жыйынында аталган колонияда каза болгон Муратбек Жумалиевдин эжеси Зарина Алыбаева айтты.
"Абактан качуунун алдында мекемеде белгисиз себептерден улам электр энергиясы берилбей, видеобайкоочу камералар иштебей калыптыр. Мындан тышкары абактан качууга аракет жасагандарды алдын ала сүрөткө тартышыптыр. Мунун баары бир топ шектерди жаратат. Өлкөдөгү эң коркунучтуу делген адамдар отурган абакта кантип электр энергиясы берилбей калсын? Качуу учурунда кантип свет өчүп калсын? Муну сырттан кимдир бирөөлөр даярдаган",- дейт Алыбаева.
Эскерте кетсек, №50-абактан качып баратканда кармалгандардын үчүнчүсү Муратбек Жумалиев 21-октябрда №47-түзөтүү колониясынын борбордук ооруканасында каза болгону маалымдалган. Жаза аткаруу кызматы Жумалиев жүрөк-кан тамыр оорусунан, баш мээнин жаракатынан жана шишигинен улам каза тапканын билдирген.
"Баламдын ден соолугу мыкты болчу, ит сыяктуу өлтүрүп салышты"

Мындай кунду душманыма да каалабаймын,Адам болуп жаралган сон адамча оз ажалы менен олуп,ак кепинге оролуп кетсинчи ар бир пенде.Малды сойгондой соймолобой,экспертиза кылабыз деп тытып салса керек....
Омур бойу кеспестен олумго окум кылып кой,мынчалык азап болбос беле.ОРтодо бей куноо канчалаган адамдар олду,канчалаган балдар сыздап какшап калды.Канчалаган энелер сыздап ыйлап калды...
Ушундан коро олум жазаасы болсо,озу куноолу деп кунолуну издешпей,балдарынын коксосу сууй беле...
Бала да болсо наристе,балада не айып...
Этика нормаларын сактаңыз!