Кармоо учурунда Эдил Абдрахмановдун бутуна ок чыгарылды



№50-абактан качып, издөөдө жүргөн Эдил Абдрахманов Чүй облусунун Аламүдүн районундагы айылдардын биринде кармоо учурунда бутунан жарадар болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда SUPER.KG күч түзүмдөрүндөгү өздүк булагыбыз маалымдады.
Анын айтымында, кармоо саат 13:40 чамасында орун алды. Кармоо учурунда Абдрахманов каршылык көрсөткөн. Ага карата ок чыгарылып, Абдрахманов бутунан жарадар болгон.
Айта кетсек, Абдрахманов Эдил Алимжанович 1986-жылдын 25-февралында Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында туулган, улуту - кыргыз, билими - орто.
Учурда абактан качкандардан издөөдө Алтынбек Итибаев калды.
Кармоо учурунда кылмышкер Абдрахманов бир нече суроого жооп берди
Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Максат Орозумбетов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Дагы бирого зыяны тиймек, же бир уй булоого деп жазышыптыр, ошол сен болуп калсан же сенин жакынын болуп калса не кылмаксын?
Саламатсызбы! Катачылык сиз тараптан кетип жатса керек, толук эле көрсөтүп жатат.