Министр Турганбаев: "Итибаевди кармоо учурунда каза болгон эки жарандын коопсуздугун сактай албадык, жоопкерчиликти алганга даярмын"

"Алтынбек Итибаевди кармоо учурунда каза болгон эки жарандын коопсуздугун сактай албадык, мен жоопкерчиликти алганга даярмын",- деди ички иштер министри Мелис Турганбаев. Министр мындай пикирин түрмөдөн качкан кылмышкерлерди кармоо ишинин аякташы боюнча 23-октябрда маалымат берип жатып айтты.
"Итибаевди кармоодо биз мүмкүн болушунча элдин коопсуздугун сактоого аракет кылдык. Кылмышкер жашынган №8-көп кабаттуу турак үйдүн жашоочуларын сыртка чыгарып, тегерек-четин курчоого алдык, бирок Итибаев отурган батирге коңшу турган батирдеги эки жаранды чыгара албадык. Аларды терезеге жакын жолобоого чакырып жаттык. Ошентсек да октон каза болуп калышты",- деди Турганбаев.
Министр бул эки жарандын өлүмү боюнча материалдар топтолуп, Бишкек шаардык прокуратурасына өткөрүлгөнүн айтты. "Бүгүн материалдар толук жыйналып, шаардык прокуратурага жиберилди. Бүгүн кылмыш иши козголуп, тергөө башталат",- деди министр.
Каза болгон жарандар: Ак-Талаа районунда 1936-жылы туулган Батыш Койчуманова менен Кочкор районунда 1959-жылы туулган Медет Какеев.
Мелис Турганбаев: "Курал көтөргөн кылмышкерди жок кылабыз"
Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Бекжан Рыскулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Мындан да жаман болушу мумкун эле го
Буларга эмне анча азылып жатасынар! Колунан келгенин кылыштыго! "Коопсуздугун сактай албадык, мен жоопкерчиликти алганга даярмын" деп жататго.. Кылмышкер болобу, башка болобу, каза болгондордун баарынын жакындарына конул айтам! Арты кайрылуу болсун!
туугандар