super.kg logo

Токмок шаарында 5 жылда кандай иштер аткарылган?

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда Токмок шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.

Өлкө башчысынын администрациясы кабарлагандай, Токмок шаарында акыркы жылдары өндүрүш секторунун өнүгүүсү жанданган. Атап айтканда, 11 ири ишкана пайдаланууга берилип, 423 жумуш орду түзүлгөн. Мындан тышкары, 2117 жумуш ордун камсыз кылган чакан жана орто бизнестин 201 ишканасы ачылган.

Жаңы өндүрүш объектилеринин катарында сыр өндүрүүчү ишкана, шиналарды кайра иштетүүчү завод, үч асфальт-бетон заводу, темир-бетон буюмдарын чыгаруучу завод, электр-техникалык жабдууларды өндүрүүчү ишкана, таш майдалоочу эки цех, ошондой эле пеноблок жана терезе өндүрүштөрү бар. 2021-2026-жылдары шаарда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген. Алардын катарында жогорку билим берүү тармагындагы 11 объект, эки мектеп, алты бала бакча, беш кичи футбол талаасы, эки спорт зал, төрөт үйү, төрт парк жана бассейн бар.

Ошондой эле Калкты тейлөө борборунун имараты, Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын административдик имараты, 300 окуучуга ылайыкталган Казакбаев атындагы № 14 мектептин окуу корпусу жана “Космос” кинотеатрынын имараты пайдаланууга берилген. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен 49 даана атайын техника жана 10 жүргүнчү ташуучу автобус сатып алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: