Укук коргоочулар өлүм жазасына каршы чыгышты

"Эгер өлкөбүздө өлүм жазасы киргизилсе, күнөөсүз адамдар өлтүрүлүшү мүмкүн",- деди бүгүн, 24-октябрда маалымат жыйынында укук коргоочу Назгүл Турдубекова.
Анын айтымында, өнүккөн мамлекеттерде да соттор ката чечимдерди чыгарган учурлар болуп турат. "Бүткүл дүйнө өлүм жазасынан баш тарткан. АКШда өлүм жазасы бар, бирок бул өлкө биздин мамлекет үчүн үлгү эмес. Биздин соттор коррупцияланган. Миллиондогон акчаларды уурдаган жарандар боштондукта жүрүшөт, ал эми күнөөсүз адамдар түрмөдө отурушат. Эгер өлүм жазасы киргизилсе, ушундай күнөөсүз адамдар өлүм жазасына тартылышы мүмкүн",- деди укук коргоочу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
0

Бир сот эмес эл соттошу керек,
Ошондо коррупция жоголот жана куноолуу адам олот
денесине оор залака тийгизип сабагандар учун созсуз турдо "ОЛУМ ЖАЗАСЫ" керек!!!
Жана бир нече жолу соттолуп чыккандар учун да керек.
Бул чечиди бийлик кабыл алуудан мурун
элдин добушуна коюу керек
Мен лично эки кол эки бутум менен добуш бермекмин