super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: KGFH 1265 номурлуу унаа такси кызматына пайдаланылып жатат

 

Бишкекте мамлекеттик номуру KGFH 1265 болгон унаа такси кызматына пайдаланылып жатат. Бул тууралуу 9-ноябрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди. "Менин билишимче, KG номурлар мамлекеттик органдардагы кызматтык унааларга гана берилчү. Мамлекеттик органдарга, кызматтык унааларга берилүүчү номурду, кызматтык унааны такси кызматына пайдаланууга болобу?"- дейт ал.

Бул боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы төмөнкүлөрдү билдирди:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы №65-токтому менен бекитилген aвтомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелеринин 26-пунктуна ылайык, фону сары болгон "Н" сериясындагы мамлекеттик номер белгилери төмөнкү учурларда берилет:

- биргелешкен кыргызстандык-чет өлкөлүк ишканалардын чет өлкөлүк жарандар же бул ишканалардын чет өлкөлүк кызматкерлери башкарган транспорт каражаттарына;

- чет өлкөлүк жарандарга прокатка берилген транспорт каражаттарына;

- чет өлкөдө туруктуу жашаган жана республикага жеке иштери боюнча келген чет өлкөлөрдүн жарандарынын транспорт каражаттарына;

- дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, дипломатиялык кызматкерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө;

- чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга таандык болгон автомобиль чиркегичтерине;

- жашоого уруксат боюнча республикада туруктуу жашап жаткан чет өлкөлүк жарандардын транспорт каражаттарына берилет.

"Н" сериясындагы номер белгилерин берүү үчүн негиз болуп транспорт каражаттарынын ээлеринин арызы саналат.

Ал эми бул автоунааны автомототранспорт ээлери кайсы чөйрөдө пайдалана турганына чектөө коюлган эмес. Ошондой эле мындай номер берилген автоунааны такси кызматында пайдалануу боюнча суроо биздин кызматтын компетенциясына кирбейт".

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
09.11.2015. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
menin oyumcha yuridicheskiy jaktarga kattalgandardin nomeri ushunday bolot, fiz liconuku obichniy, bul jerde taxi kizmatina ydasa bolot eger yur lico dobro berse)))
09.11.2015. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
боло берет жеке фирма компаниялардын мамлекеттик номурлары ушундай сары тусто болот
09.11.2015. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сатып алган жеке унаада да болот бул номер.
09.11.2015. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул номер жеке унаада да болот окшобойбу. Бугун ушул кабарды окуган сон Алматыдан коп эле машинадан кордум.
09.11.2015. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сары тустогу номерлер мамлекеттик номер эмес,эл аралык номер жеке жарандарга деле берилет.
09.11.2015. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
тартып алып кыйратым дедин беле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: