super.kg logo

Доллардын курсунун өсүшүнө байланыштуу укук коргоочулар нааразылык акциясына чыгышты

 

Бүгүн, 2-декабрда банктардан насыя алып, доллардын курсу көтөрүлгөндөн кийин төлөй албай калган жарандардын укугун коргоочулар нааразылык акциясына чыгышты. Катышуучулар доллардын баасы жогорулагандан кийин айрым соодагерлер ижара акысын төлөй албай же банктардагы карызын бере албай иштерин токтотууга мажбур болуп жатышканын айтып өтүштү.

Өткөн аптада “Дордой” базарында соода кылгандар митингге чыгышкан. Кечээ ошол эле базарда иштегендер нааразылык билдирип, базарга кетчү жолду бууп салышкан. Насыя алгандардын укугун коргоо боюнча элдик комитеттин төрайымы Динара Назаркулованын айтымында, борбор калаадагы базарларда эмгектенгендер азыркы тапта биригип жатышат.

Доллардын курсунун өсүшүнөн соодагерлер гана эмес, ипотекага үй алгандар жана кыймылсыз мүлкүн күрөөгө койгондор жапа чегип жатышат. Бул тууралуу аталган комитеттин өкүлү Айнура Талиева билдирди. “Ушул көйгөйдүн айынан үйсүз калгандар бар. Бир карыя келип бизге кайрылды. Жүрөгү ооруп дарыланып жаткан учурда анын күрөөгө коюлган үйүн тартып алып, чекене насыя берүүчү компания башка бирөөгө сатып жиберген. Ал ооруканадан чыгып, адвокаттарга кайрылганда үйү колдон колго өтүп, учурда 6 баласы менен турак жайсыз калды”,- деди.
Доллардын курсунун өсүшүнөн улам банктардан насыя алып, төлөөдөн кыйналган жарандар катталып жатышканын кошумчалады. Учурда 150 адам катталды.






Эксперт: "Жаңы жылдан кийин 1 доллар 100 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн"

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Темир Абиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(9)
02.12.2015. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы жерде каттайт экен менин иним, синдим жана дос-эжем да ипотекага уй алып доллар менен почти эки эсе коп толоп жатышат.
SUPER.KG видео
02.12.2015. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Долларбектин тизгинин тарта турган бироо бар бекен?
Медиа-портал
02.12.2015. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Урматтуу админ! Кыргыз элининин эмгек синирген артисти Камчыбек Жусуповдун жана Жанара Атабекованын ырларынан жүктөп койсонуздар абдан жакшы болоор эле, алдын ала рахмат!
Медиа-портал
03.12.2015. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
NARYNGRAD,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
Модератор admin_media түзөттү 2015-12-03 10:02:19
SUPER.KG видео
02.12.2015. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Доллар 100 сомго чыгышы бул толук мумкун. Бирок 100 сомго чыккандан кийин ажалы жетип калабы деймда
Медиа-портал
03.12.2015. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
100го чыкса аныда корожатарбыз башка айла болбогонсон.
Медиа-портал
03.12.2015. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
доллар 200 чыкса да кабагым кашым кейибейт, сактаган дунуйом баары доллар менен!
SUPER.KG видео
07.12.2015. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч ким кейибейт.Баары жараткандын колунда))))
Мактангандын кереги жок го деп ойлоймун.
SUPER.KG видео
07.12.2015. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
доллар которулсо карапайым калка кыйын кымбат баары неге кымбат десен доллар которулду дейт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: