super.kg logo

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 7 жашар Даниэлдин апасы баласы менен кантип акыркы жолу коштошконун айтып берди

 

1-класстын окуучусу Даниэлдин апасы Астра Макелеева жумушка эрте кеткендиктен, баласын мектепке алып бара алган эмес. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-декабрда SUPER.KG порталына билдирди.

"Менин 3 балам бар болчу: 2 кызым жана мыкаачылык менен өлтүрүлгөн уулум. Улуу кызым Нарында, чоң энесинин колунда, андан кийинки кызым жана уулум мени менен жашачу. Мен тигүүчү болуп иштеп, аларды өзүм бакчумун. Алардын атасы менен ажырашкам. Ал Орусияда башка аялы менен жашайт.

Баламды өлтүргөн аял менен таанышканыбызга көп эле болгон. Ал аял менен чогуу иштечүбүз. Ал менин абалымды курбуларымдан сурап жүрчү экен. Даниэлге "Кириешки" алып берип өзүнө жакындаткан.

Окуя болгон күнү мен жумушка эрте кеткем. Балам менен отуруп акыркы жолу аны менен чай ичиптирмин. Кызым ооруп калып мектепке барган эмес. Уулум мектепке саат 10:30 чамасында чыкканда аял аны менен маршруткага отуруп, "Ош базарына" барышкан. Ал жерден "Кириешки" алып берген экен. Андан соң Күн-Тууга алып барып, уктатуучу дары берип өлтүргөн. Анан мага телефон чалып "сага жагымдуу жаңылыгым бар" деп, телефонун өчүрүп салган",- деп ыйлап айтып берди Астра айым.

Эскерте кетсек, 10-декабрда милицияга 33 жаштагы Астра аттуу жаран кайрылып, анын баласын белгисиз адамдар уурдап, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жатышканын айткан.

Бул факт боюнча "өмүргө жана саламаттыкка коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү менен жашына жете элек баланы уурдоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 10-декабрда саат 10:00дө 2008-жылкы Даниэль үйүнөн чыгып, мектепке жетпей дайынсыз жоголгону аныкталган. Ошол эле күнү саат 15:19да баланын апасынын телефонуна: "Акмак, сенин ханзаадаң менин жанымда. Тирүү бойдон кайтарып алгың келсе, 150 000 сом даярда. Эч кимге айтпа. Айтсаң кызыңды да жоготосуң. Эч ким жардам бербейт. Эртең 7де акчаңды даярда, кайра чалам!" деген смс-кат келген (смс-кат орус тилинен которулду - SUPER.KG).

Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө 11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары 39 жаштагы А.Майрам аттуу аял кармалды. Анын Жалал-Абад облусунда туулганы жана буга чейин уурдоо жана алдамчылык боюнча соттолгону аныкталды. Суракта А.Майрам акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айтты. Окуя болгон күнү ал баланы алдоо жолу менен Сокулук районунун Күн-Туу айылына алып барып, суусундугуна димедрол (уктатуучу дары) кошуп уктатып койгонун айткан. Аталган дары өтө көп кошулгандыктан бала каза болуп калган экен. Ошондо аял баланын жансыз денесин чуңкурга таштап салган. Андан кийин ал баланын апасына смс-кат жөнөткөн.

Баланын денесин кароодо айрым жерлеринен көк алалар жана моюнунан жиптин изи байкалган. Учурда тергөө амалдары уланууда.

(Төмөнкү сүрөттөрдө 7 жашар Даниэль апасы жана бир тууган эжеси менен жашаган үй)


кошулду





"Баламды өлтүргөн аял "сизге жакшы жаңылыгым бар" деп телефон чалды"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Темир Абиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(55)
Медиа-портал
14.12.2015. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул сыяктуу жаңылык чыкканда "антиш керек, минтиш керек" деп сөз менен эле, анан кайрат айткандан башка колдон эч нерсе келбей жатканы өкүнүчтүү... Кандай кылса, эмне кылса кылмыштуулук азайып, эл бейпил жашоодо, тынч жашап калат болду экен...
14.12.2015. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Эмнегедир ушул энеси да куноолуудой сезилип жатат
14.12.2015. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне себептен олум жазасын алып салды болду экен, ошол учун ушундай нерселер кобойо баштады окшойт
14.12.2015. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аял жана эне наамына татыктуу эмес жырткыч экен
SUPER.KG видео
14.12.2015. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаткан жери жайлуу болсун.Аялдын козунон жашы чыкпайтго же мага корунбой жатабы.Байкуш аялдын жашы деле калбай калган окшойт ыйлай берип.
14.12.2015. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эки аялдын ортосунда бир чыр болгон сыяктуу
14.12.2015. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
shailoo2015 - эскертүү!
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат.
14.12.2015. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Стенага ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-12-15 11:59:09
SUPER.KG видео
14.12.2015. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээ кудайым ай келип келип ушул аял азап чеккени жаман болуптур.Сабыр кылып озунузду колго алыныз ...эч кимдин башына тушпосун мындай тагдыр..журогум аябай ооруду.
SUPER.KG видео
14.12.2015. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол аял олтургонун кайдан билишиптир. Же озу мойнуна алыптырбы?Журогум ооруп кетти,байкуш аялга жаман болуптур.
14.12.2015. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
балан ооруп калса эле канча жанын кейип кетет же бироо уруп койсочу .Ушундай жаркыраган баласынан ажырап калган эне байкушка терен кайгыруу менен конул айтам.Ушунча баланы жетим кылган атага наалат.Уулунан ажыраткан зоокур аялга тозок.
15.12.2015. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ажырашкан аталар!озунор апасынан кетсенер да балдарынардан кабар алып тургулачы,жалгыз бой энелер кор турмуштун айынан балдарына жондоп карай албай калышып байкуш наристелер кор болуп олуп кетип атышат...Даниэльдин жаткан жери жайлуу болсун,кудайым апасына сабыр берсин.
15.12.2015. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nazja 5
Ooba menda uwul osynyn apa synda kymon samadym ele
Birok Alla talam koryp turat
15.12.2015. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ай Кудайым ай...ушуга окшоп кордолгон жаш балдар жонундогу макала чыкса эле башым ооруп нервим чыналып чыкчуу болду,эми ушул кантип болсун...периште эле да...апасына чын конулдон сабыр тилейм.
SUPER.KG видео
15.12.2015. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кичине балада эмне куно.Эжеге сабыр берсин.Биз мусулмандар пейлибиз бузулуп жатат.Жер титироо жөндон жон болбойт.Баарыбызга ыйман берсин.
15.12.2015. 04:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш эне (((( чырактай уулунан ажырап иииийий (((((((( абдан окунучтууу... Кудайым сабыр бере кор. Баланын жаткан жери жайлуу топурагы торколуу болсун! А тиги башын курагыр ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-12-15 12:00:51
15.12.2015. 05:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атууга гана кетириш керек,акмак,эки дуйнодо Жакшылык корбой кал,аялзатынын атын булгаган айбан,олум сага,Даниелдин жаны жанната болсун,энесине сабырдуулук
SUPER.KG видео
15.12.2015. 05:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушуга окшогондорду ХХХ ХХХ жаш баланын омуруно балта чапкан
Модератор admin_media түзөттү 2015-12-15 09:55:23
Медиа-портал
15.12.2015. 06:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне очу бар болду экен,баланы олтургудой!Кудайым ар бир адамга ыйман,акыл берсин!
15.12.2015. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындайларды соттобош керек, соттосо да аларды омур бою боштондкуктан ажыраттып, аларды баккандан коро органдарын кезекте тургандарга чыгарып бериш керек. Жок дегенде омурундо бироого жардам берсин. Ушундай адамдарды эмне себебптен омур бою мамлекет багыш керек. Олум жазасын киргизиш керек.
18.12.2015. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bapa,мындай мыкаачынын органынын кереги жок, Кудай сактасын.Эмне себептен өлтүрдү экен бул акмак наристени? Бетсиз, бул байкуштун үйүнө келип, чайын ичип жүрүп, кылганын кара. Эмне үчүн мурун соттолгондор чет өлкөдөгүдөй милициянын текшерүүсүндө болбойт. Башка жерде бирөөнүн түрмөдө отуруп келгенин баары билет, а бизде минтип арабызда үйүбүзгө келип, чайыбызды ичип,чогуу иштеп жүрсө да билбейбиз
Модератор admin_portal түзөттү 2015-12-18 17:48:11
SUPER.KG видео
15.12.2015. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тигил аялдын Тогуз Торо районун Атай айылынан болоору чындык.Арча Бешик Конушунунда Зайыр деген агасы,апасы турат.бирок агасы жакшы киши бул канкор кайдан чыкканын билбейм.өлүм жазасын киргизиш керек.
15.12.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bektemiroff994, Patirot, Gulya21, begai93, bazarkyl, Mirlan5, aiposha, tabyshmak - азырынча оозеки эскертүү!
Ачууга алдырып порталдын эрежелерине туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Медиа-портал
15.12.2015. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омур бою эркинен ажыратсын ал олтурткон аялды,турмодо чирип отсун,себеби бул эженин эле баласын эмес дагы башка бироонун баласынада кол салышы мумкун!
Медиа-портал
16.12.2015. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай жазасын берсин.
Медиа-портал
16.12.2015. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сабыр86 бул аял эч кандай Атайдан болбойт,Атайда мындай акмактар жок!Атайдан ары Молотов деген айыл бар ошол айылдан болот.Ахунов Акунбай деген кишинин кызы,туура Зайыр,Тайыр деген агалары бар.башка сайттарда Сузактан болот экен деп атышат ал туура эмес.
SUPER.KG видео
17.12.2015. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыркы учурларда ушундай зээнди кейиткен окуялар коп болуп жатканы окундурот. Аллахым озу жазаласын. Сизге сабыр берсин. Коруп алып ыйлагым келди. Каттуу чара корулбосо мындайлар кобойуп эле бараткансыйт
SUPER.KG видео
18.12.2015. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зорго кордум ыйлап атып Аллахым сабыр берсин апасына,олтургон аял оз жазасын алат бул дуйнодон болбосода тиги дуйнодон. Бирок балага боорум ооруду анда эмне айып эмне куноосу бар эле жаш баланын.
SUPER.KG видео
18.12.2015. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эчкимдин башына мындай куйуут салбасын, адамдарды мээримдуу ынсап туу кыла корчу Аллахым бири-биринен мээримин ала корбочу, акыркы кундору ушундай мыкачылар кобойуп баратат.
Медиа-портал
18.12.2015. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да жакшылык көрбөсүн, аял киши ушуну кылса, эмне дейбиз?Мындай немени ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-12-18 17:29:40
Медиа-портал
18.12.2015. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jypar.i,
Эскертүү! Провокацияга жол жок!
09.02.2016. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зомбулук менен омурго коркунуч келтирген, жаш баланы уурдоо беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ой тообоооо!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: