super.kg logo

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 7 жашар Даниэлдин апасы баласы менен кантип акыркы жолу коштошконун айтып берди

 

1-класстын окуучусу Даниэлдин апасы Астра Макелеева жумушка эрте кеткендиктен, баласын мектепке алып бара алган эмес. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-декабрда SUPER.KG порталына билдирди.

"Менин 3 балам бар болчу: 2 кызым жана мыкаачылык менен өлтүрүлгөн уулум. Улуу кызым Нарында, чоң энесинин колунда, андан кийинки кызым жана уулум мени менен жашачу. Мен тигүүчү болуп иштеп, аларды өзүм бакчумун. Алардын атасы менен ажырашкам. Ал Орусияда башка аялы менен жашайт.

Баламды өлтүргөн аял менен таанышканыбызга көп эле болгон. Ал аял менен чогуу иштечүбүз. Ал менин абалымды курбуларымдан сурап жүрчү экен. Даниэлге "Кириешки" алып берип өзүнө жакындаткан.

Окуя болгон күнү мен жумушка эрте кеткем. Балам менен отуруп акыркы жолу аны менен чай ичиптирмин. Кызым ооруп калып мектепке барган эмес. Уулум мектепке саат 10:30 чамасында чыкканда аял аны менен маршруткага отуруп, "Ош базарына" барышкан. Ал жерден "Кириешки" алып берген экен. Андан соң Күн-Тууга алып барып, уктатуучу дары берип өлтүргөн. Анан мага телефон чалып "сага жагымдуу жаңылыгым бар" деп, телефонун өчүрүп салган",- деп ыйлап айтып берди Астра айым.

Эскерте кетсек, 10-декабрда милицияга 33 жаштагы Астра аттуу жаран кайрылып, анын баласын белгисиз адамдар уурдап, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жатышканын айткан.

Бул факт боюнча "өмүргө жана саламаттыкка коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү менен жашына жете элек баланы уурдоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 10-декабрда саат 10:00дө 2008-жылкы Даниэль үйүнөн чыгып, мектепке жетпей дайынсыз жоголгону аныкталган. Ошол эле күнү саат 15:19да баланын апасынын телефонуна: "Акмак, сенин ханзаадаң менин жанымда. Тирүү бойдон кайтарып алгың келсе, 150 000 сом даярда. Эч кимге айтпа. Айтсаң кызыңды да жоготосуң. Эч ким жардам бербейт. Эртең 7де акчаңды даярда, кайра чалам!" деген смс-кат келген (смс-кат орус тилинен которулду - SUPER.KG).

Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө 11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары 39 жаштагы А.Майрам аттуу аял кармалды. Анын Жалал-Абад облусунда туулганы жана буга чейин уурдоо жана алдамчылык боюнча соттолгону аныкталды. Суракта А.Майрам акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айтты. Окуя болгон күнү ал баланы алдоо жолу менен Сокулук районунун Күн-Туу айылына алып барып, суусундугуна димедрол (уктатуучу дары) кошуп уктатып койгонун айткан. Аталган дары өтө көп кошулгандыктан бала каза болуп калган экен. Ошондо аял баланын жансыз денесин чуңкурга таштап салган. Андан кийин ал баланын апасына смс-кат жөнөткөн.

Баланын денесин кароодо айрым жерлеринен көк алалар жана моюнунан жиптин изи байкалган. Учурда тергөө амалдары уланууда.

(Төмөнкү сүрөттөрдө 7 жашар Даниэль апасы жана бир тууган эжеси менен жашаган үй)


кошулду





"Баламды өлтүргөн аял "сизге жакшы жаңылыгым бар" деп телефон чалды"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Темир Абиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(55)
14.12.2015. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Байкуш эне (эч кимди энени баладан-баланы энеден ажыратпасынчы кудайым.
жети уктап тушко кирбей турган нерселер болуп жатат кандай гана аянычтуу
14.12.2015. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кандай гана окунучтуу кичинекей баланы эмне айыбы бар эле ошол адамга ХХХ ХХХ ХХХ...
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун эжеге конул айтам Аллахым сабыр берсин
Модератор admin_portal түзөттү 2015-12-15 12:02:38
14.12.2015. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бечара жалгыз бой энеге кыйын болуптур.кайрат берсин.
14.12.2015. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ошо аялды озун ХХХ ХХХ ХХХ энесине жаман болуптур
Модератор admin_portal түзөттү 2015-12-15 12:02:55
14.12.2015. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллах суйгон пендесине гана сыноо берет дейт,сабыр берсин сизге.
14.12.2015. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жиндигоо озу да эне болсо керек кандай барды бул жолго. Катуу жазалаш керек
14.12.2015. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кайрат берсин энеге эле кыйын болуптур.
14.12.2015. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жерде коомубуздагы социалдык кырдаалда дагын куноо бар.Мен айтканым кантип куесу уч баласы б-п туруп аялын таштап кетип башкасына уйлонуп алган.Анан башка бейтааныш адамдардан алысырак болуш керекпиз.Орустар айтмакчы береженого бог бережет.Ал эми бул кылмышкер аял абактан тируу чыкпайт ал жерде дагын озунун мыйзамдары бар
14.12.2015. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эч бир энени кудайым сыздатпасын
сыздткан зоокурлор сыздап калсын
Мындай жаман кабарларга кайрат,
конул айткандан башка соз жок.
Чурпонун жаткан жери жаайлуу
болсун.Энесине кайрат айтам.
14.12.2015. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
окунучтуу (((
14.12.2015. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аллахым сабыр,кайрат берсин сизге, а уурдаган аялды ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-12-15 12:03:44
14.12.2015. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Балдарды ойлобой ажырашышат.атасы жандарында болгондо мындай болмок эмес беле.эч бир энени баласынан ажыратпсын
14.12.2015. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кайрат кылыны.Кудай жазаасын берсин.
14.12.2015. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мурда камалып чыккан аял экен.Турмодон буларды тарбиялабай эле кайра канкор,ырайымсыз,жинди кылып чыгарып аткан го.Адам олтургондордун копчулугу мурда камалып чыккандар болуп жатат.Эне болуп туруп наристеге кантип колу барды экен.Аял деген аттан айланып кеткир!!!
14.12.2015. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ай акмаак ит турбайбы
14.12.2015. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Голливуддун кинолорун көп көргөн окшойт. Адам болбойт мындайлар.
14.12.2015. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ХХХ ХХХ ХХХ... Бул да биздин олкодогу жоопкерчиликтин жоктугунун айынан.
Модератор admin_portal түзөттү 2015-12-15 11:57:43
14.12.2015. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аял башы менен канкорлукка барыптыр катуу жаза колдонуу керек! Даниелдин жакындарына сабыр берсин.
14.12.2015. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Видеону коруп эмне деп жазышты билбей калдым. Ии кудайым озу сактасын ушундай канкор адамдардан. Аял башы менен кантип ушундай жолго барды? ХХХ ХХХ ХХХ... журогум ооруп кетти эххх
Модератор admin_portal түзөттү 2015-12-15 11:58:08
14.12.2015. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
байкуш бала. жайы жанаттан болсун. энесине кайрат берсин.
14.12.2015. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХ ХХХ ХХХ... Оспурумдун апасына кайрат кылыныз. Аттин жап жаш оспурум...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-12-15 11:58:28
SUPER.KG видео
14.12.2015. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым сабыр берсин сиздерге!Коруп аябай ыйладым,эмнеге мындай мыкаачы адамдар пайда болуп жатат деги акыркы кундору...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: