super.kg logo

Жылнаама, 25-декабрь: Мындан 38 жыл мурун англиялык актёр, композитор жана режиссёр Чарли Чаплин 88 жаш курагында көз жумган

 

* Мындан 9 жыл мурун, 2006-жылы Аксы окуясында каза болгон Медетбек Бекмуратов, Шералы Назаркулов, Кадыркул Сапаралиев, Советбек Тагаев, Элдияр Үмөталиев, Сатимбай Уркумбаев жана Бегалы Четинбаевдин үй-бүлөлөрүнө Эрдик медалы тапшырылган.

* Мындан 44 жыл мурун, 1971-жылы советтик жана орусиялык актёр, Орусиянын Эмгек сиңирген артисти Владислав Галкин Москва шаарында туулган.
Ал элдин сүйүктүү фильмине айланган "Узак жолдогу айдоочулар", "Диверсант", "72 метр" аттуу тасмаларда башкы ролдорду жараткан.
Актёр 38 жаш курагында 2010-жылдын 25-февраль күнү Москва шаарындагы батиринде каза болгон.

* Мындан 38 жыл мурун, 1977-жылы англиялык актёр, композитор жана режиссёр Чарли Чаплин 88 жаш курагында көз жумган. Чаплинди акыркы сапарга салтанат менен узатышкан. Ал акыркы жайына коюлган соң опузачылар (шантажист) тарабынан сөөгү казылып алынган. Албетте, алар улуу комедия актёрунун үй-бүлөсүнөн акча талап кылышкан, бирок маркумдун жубайы акча төлөөдөн баш тартып койгон. Себеби Чаплин ушул сымал окуя болорун сезип, бир жыл мурун аялына “мени уурдап кетишип, акча талап кылышса, төлөбө” деп эскерткен. Кылмышкерлер кармалып, Чаплиндин сөөгү кайра жерге берилген.

* Мындан 25 жыл мурун, 1991-жылы Беловежск токоюнда РСФСРдин президенти Борис Ельцин, Украинанын президенти Леонид Кравчук жана Беларусь Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Станислав Шушкевич СССРдин жоюлуп, анын ордуна КМШнын түзүлгөндүгү тууралуу келишимге кол коюшкан. Мына ошол "Беловежск келишимине" кол коюлгандан кийин Михаил Горбачёв түз телеберүүдөн жалпы СССР элине кайрылуу жасап, өзүнүн ордун бошотуп, ядролук курал менен башкарууну Орусиянын президенти Борис Ельцинге өткөзүп бергенин билдирген. Бул кайрылуудан кийин Кремлден СССРдин желеги түшүрүлгөн.

25-декабрда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.12.2015. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу админ!? Супер инфо жылда жылдык супер концерт берет элего ? Эмнеге бул жылы болбой жатат?
25.12.2015. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nusii, менда ойл0п жаткам .Супердин супер
Концетри качам болот?
25.12.2015. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nusii, саламатсызбы!
Концерт болордо сөзсүз кабарлайбыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: