super.kg logo

Жаш баланын муунтулуп өлтүрүлүшү боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөсү

 

1-класстын окуучусу Даниэлдин өлүмүнө шектүү Майрам Акунова өзүнө коюлган күнөөнү моюнуна албай тургандыгын бүгүн, 3-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда айтты. Сот залында кылмышка шектүү күнөөнү моюнуна албаганына Даниэлдин апасы Астра Макелеева сөз сүйлөдү.

"Эмнеге менин баламды өлтүрөт?! Мен аны кандай мээнет менен чоңойтуп жаттым эле! Уулумду өлтүргөн адам өлүм жазасына тартылышы керек!"- деди Даниэлдин апасы.

Соттун жүрүшүндө эки күбө чакырылып, суракка алынды. Суракка алынгандардын бири Гүлбара Сеитакунова кылмышка шектүүнү акыркы 5-6 жылдан бери тааный тургандыгын билдирди.

"Мен кылмышка шектүү менен бир үйдө, бирок башка батирде жашачумун. Майрам окуядан 1-2 күн мурун "мен Сокулукка барып келишим керек" деп айтты. Мен анын акчасы жок экенин билип, кайсы акчага бара турганын сурадым. Ал уюлдук телефонун сатып жибергенин жана кызынын телефону менен жүргөнүн айтты. Майрамдын көйгөйлөрү бар экенин жана ал күйөөсү менен ажырашып кеткенин билчүмүн. Майрам кармалган күнү үйгө кеч келди. Анын айтымында, ал №81-мектепте болгон. "Кызын ошол мектепке которууну сүйлөшкөн окшойт" деп, анча маани бербей жатып алдым.

Көп өтпөй ал мага келип телефон сурады. Телефонум өчүк экенин айтканымда ал "мен азыр күйгүзүп алам" деп чыгып кетти. Ошол маалда милиция кызматкерлери келип калышты. Алар "Бул кимдин телефону?" деп сурады. Мен "бул меники" деп айткыча эле Майрам "менин телефонум" деп беттен алып койду. Аны РИИБге алып кетишти, мен артынан бардым. Барганымда телефонду күйгүзө албай жатышыптыр. Мен "анын паролу бар" деп, ал менин телефонум экенин айттым. Андан кийин 2-3 мүнөткө мени Майрам эженин үстүнө киргизишти. Ал "бул телефон Майрамдыкы деп айтып койчу, мага жеңилдик болот" деп өтүндү. Мен чыккандан кийин көп өтпөй "баланы өлтүргөнүн моюнуна алды" деп милиция кызматкерлери айтып калышты. Ошондон кийин ал телефон ага таандык эместигин жана коркуп кеткенинен аны алып алганын айткан",- деди күбө Сеитакунова.

Буга айыпталуучу "Сен эмнеге чындыкты айтпай жатасың? Эмнеге мени милиция кызматкерлери сабап, кыйнагандарын айтпай жатасың?!"- деп суроо узатты.

Күбө ага: "Ооба, ошентип айткансың. Башыңа пакет кийгизип ур-токмокко алганда заара ушатып койгонуңду айткансың",- деп жооп узатып, бирок айыпталуучунун денесинен эч кандай тактарды байкабагандыгын кошумчалады.

Биринчи күбө суракка алынгандан кийин залга экинчи күбө Миргүл Жумашева чакырылды.

"Мен Майрам эже менен 10 күндөй эле тигүү цехинде бирге иштегем. Ошол себептен аны менен сүйлөшчү деле эмесмин. Бир күнү свет өчүп калып, биз өзүбүздүн жашообуз тууралуу бири-бирибизге айтып, сүйлөшүп калдык. Ошондо кылмышка шектүү менден "Канча балаң бар, алар кайсы жакта?" деп сурады. Мен балдарым айылда, ата-энемдикинде экенин айттым. Майрам эже Астрага боор ооруп "2 баласы менен жалгыз бой болуп кыйналып жатса керек" деди. Мен ага ачууланып, "Астранын үй-жайы бар, балдарынын курсагы ток, кийими бүтүн, туугандарынын колунда бар, алар дайыма жардам беришет" деп айтып сыртка чыгып кеттим".

Буларды айтып берген соң күбө каргашалуу окуя болгон күн тууралуу: "Ал күнү биз иште болчубуз. Майрам эже жумушта эмес эле. Тигүү цехинин ичинде Астра менин маңдайымда отурат. Саат 15:00 чамасында анын телефонуна орус тилинде билдирүү келди. Астра өзүн жоготуп, "окуп бер" деп телефонун мага берди. Анда "Акмак, сенин ханзаадаң менде. Балаңды тирүү көргүң келсе, 150 миң сом таап бер. Бул тууралуу эч кимге билдирбе, болбосо кызыңдан да айрыласың!" деп жазыптыр. Мен аны жоошутуп, "муну жөн эле жазып коюшу мүмкүн, абактагылар ушундай кылышчу эле" деп айттым. Андан кийин Астранын кызы телефон чалып Даниэль жок болуп жатканын айтты. Астра уулунун мугалимине чалды. Мугалим баласы сабакка келбегендигин билдирди. Эмне кыларын билбей шашып мектепке кетти. Жумушту бүтүрө калып мен да анын артынан жөнөдүм. Майрам эже биз менен жүрдү, улам Астраны сооротуп, көп өтпөй мектепке милиция кызматкерлери келип калышты. Кылмышка шектүү шашкалактап, "бутум суу болуп калды, мен үйгө бара берейин" деп кетип калды",- деп билдирди.






1-класстын окуучусу Даниэлдин өлүмү боюнча күбөлөр сотто көрсөтмө беришти

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(15)
03.03.2016. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бети жок! Жинимдин келгенинен эмне деп жазаарымды да билбей калдым. Жер кантип которуп журот десен сендейлерди. Адам деп айтканга оозун барбайт ХХХ ХХХ. Кудай жазанды берсин. ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-03 15:08:55
03.03.2016. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
magbet - эскертүү!
Этика нормаларын сактаңыз.
03.03.2016. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
magbet,сага кошулам шайтан адам эмес алы жаш балага жетиптирда
03.03.2016. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акмак!!! Баланы олтуруп дагы бет тырмап жатканын., омур бою эркинен ажыратылса экен
03.03.2016. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
баланы эстеп эле козумо жаш келет, акмак кантип колу барат ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-03 15:56:30
03.03.2016. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
adimyrza - 5 күнгө БАН!
Порталдын эрежелерине туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
03.03.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ ХХХ сени да ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-03 16:25:17
03.03.2016. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asya10 - эскертүү!
Порталдын эрежелерине туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
03.03.2016. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акмак
03.03.2016. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Энесине кайрат айталы.буюурса уулунуз бейиште сиз менен туболук болот, иншаллах. Ченебеген молтурогон сонун бала болсочу, милицияларга кайсы жерге комгонун корсоткон видеону коруп канчага чейин жаман болуп журдум, кылмышкерге алла таала жазасын даярдап койду да
SUPER.KG видео
03.03.2016. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сразу видно что ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2016-03-04 09:26:29
SUPER.KG видео
03.03.2016. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ХХХ ХХХ десен
Модератор admin_media түзөттү 2016-03-04 09:27:48
SUPER.KG видео
07.03.2016. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул аялды соту жок эле баланын туугандарына ХХХ ХХХ Ишенем сот омур бою эркинен ажыратат, ХХХ,баланын убалына калып,ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2016-03-07 10:15:16
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: