super.kg logo

7 жашар Даниэлдин өлүмүнө шектүү аял күнөөлүү деп табылып, 25 жылга эркинен ажыратылды

 

Бүгүн, 1-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 1-класстын окуучусу Даниэлдин өлтүрүлүшү боюнча соттук кароодо судья айыпталуучу Майрам Акуновага тагылган айыптар толугу менен далилденгенин айтып, ал күнөөсүн мойнуна албаганына карабастан күнөөлүү деп тапты. Жыйынтыгында судья анын мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарды.

Судьянын айтымында, Акунованын СИЗОдо өткөргөн ар бир күнү эки күн катары эсептелинип, жаза мөөнөтүн №1-СИЗОдо аткармакчы. "Ал эми жабырлануучу тарап А.Макелеевага моралдык жана материалдык чыгымдарына 500 миң сом өндүрүлсүн" деген өкүм чыгарды.

Айта кетсек, мындан бир нече убакыт мурун айыпталуучуга акыркы сөз берилген учурда ал өзүн өлтүрүүгө аракет кылып, курсагын кескилеп салган. Залда ызы-чуу башталып, курсагы канжалаган айыпталуучуну залдан чыгарып кетишкен.

Өткөн соттук отурумда прокурор айыпталуучунун күнөөсү толугу менен далилденгенин баса белгилеп, аны 25 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн. Ал эми жабырлануучу А.Макелеева бул чечимге макул болбой айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратууну суранган.

Эске салсак, 2015-жылдын 10-декабрында милицияга 33 жаштагы Астра аттуу жаран кайрылып, анын баласын белгисиз адамдар уурдап, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жатышканын айткан. 11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Майрам Акунова аттуу аял кармалган. Анын Жалал-Абад облусунда туулганы, буга чейин уурдоо жана алдамчылык боюнча соттолгону белгилүү болгон. Суракта Майрам Акунова акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айткан. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгына ылайык, анын акыл-эси жайында экени, ал эми бала дарыдан эмес, муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган.






Даниэлдин өлүмүнө күнөөлүү аял 25 жылга камалып, сотто лезвие менен курсагын кескилеп салды

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(12)
01.04.2016. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аз.өмүр бою эркинен ажыратыш керек болчу.
01.04.2016. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сотторго биринчи жолу баа бердим 55555555555 рахамат аз болуптур гоо бирок 12жылга чеийин жок болоот эми
SUPER.KG видео
02.04.2016. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сот адилет иштеп калганбы же, жолдошумду мыккачылык менен олтурушкон кылмышкерге беш жыл берген, аябай нараазымын кыргызстандын сотуна коррупцияга малынган,
02.04.2016. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Курсагын эмес моюнун тилбейби өлө турган болсо.
02.04.2016. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
энесинин абалы кандай,алпештеп чонойткон баласын,туну менен уктабай карап ооруса,кубанса кошо кубанып,тили чыгып апа дегенде жетиналбай суйунуп чонойтсо аны бирооле 150 мин сом учун олтуруп кетсе эх кандай адам чыдагыс азап,Аллахым сабыр берсин 1 жамандыктын артында 2 жакшылык бар дейт.Ал эми тиги олтургон аял эки дуйнодо да бактылуу болбойт акыретте Аллах таала тозоктон орун берип катуу сурака алат.Эгер катуу тообо кылбасале.
Медиа-портал
02.04.2016. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жировую прослойку порезать, не будет ничего!Кескенге жараша венасын кеспейби,чтоб толк был,а то на публику играет.Нелюдь,тварь! Таким и пожизненное лишение свободы будет мало!
Медиа-портал
02.04.2016. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге олтургон экен

Медиа-портал
04.04.2016. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mechtatelnisa,
Саламатсызбы! Толук маалымат бул жакта: Крим-Инфо: "Баламды өлтүргөн аял "сизге жакшы жаңылыгым бар" деп телефон чалды" www.super.kg/media/stv/156977/
Медиа-портал
04.04.2016. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
токойдогу жаныбарларга таарынган коен олом деп барып белинен асынып алса,тулку келип сураптыр э коен эмнеге белинден асынып алдын десе коен айтат миш мойнуман асынсам ооруйт экен да деп.Ошонун сынарындай олгусу келсе мойнун кеспейби
SUPER.KG видео
04.04.2016. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омур бою ажыратыш керек , соттун чечими туура эмес мыкаачыга. Лезвие ни каяктан алган ??? Текшербей эле сот ото береби, Ичин кессе да Кан чыкпаган ХХХ.
Модератор admin_media түзөттү 2016-04-04 10:28:26
Медиа-портал
04.04.2016. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
marmilantka,
Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатат? Кененирээк бизге купуя кат менен жазып койсоңуз, рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: