Үрүмчү шаарынын мэриясы Бишкек мэриясына 35 орундуу 10 автобус белек кылды











Бүгүн, 22-апрелде Үрүмчү шаарынын мэриясы достук жана кызматташтыкты өнүктүрүү программасынын алкагында Бишкек мэриясына 35 орундуу 10 автобус белек кылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, автобустар газ менен жүрөт. Мэр Албек Ибраимов автобустарды газ менен камсыздоо жайлары Бишкекте бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Бишкекке дагы башка автобустарды алып келүү пландалууда.
Бул автобустар №42-автобустун каттамы менен жүрөт жана "Ала-Тоо" аянты менен 12-кичи районду байланыштырмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

рахмат айтып!!!
Урумчулук туугандарга рахмат белектерине!
Автобус донголокторунон шамал шуулдап, элибиз шаар ичин айлана беришсин конулдору куунак!
http://www.super.kg/kabar/news/143811/