super.kg logo

Жалал-Абад. Гимн ырдалып жатканда ордунан турбай койгон медресенин окуучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

 

Жакында Жалал-Абад шаарында облустук казыят жана Жалал-Абад ОИИБи тарабынан түштүк аймагы боюнча 300дөн ашык кишинин катышуусунда конференция өткөн. Конференция КРнын Мамлекеттик гимни менен башталган. Гимн обого жаңырганда залдагылардын баары ордунан туруп, арткы катардагы кыздар турган эмес. Аларды балкондо отурган уюштуруу тобунун башында турган жетекчилер байкап, конференциянын аягында "мамлекеттик гимнди сыйлоо керек" деп эскертүү беришкен.

Жалал-Абад ОИИБинен бүгүн, 27-апрелде SUPER.KG порталына билдиришкендей, ал кыздар "Айша-Садык" медресесинде окушат. "6-7-класста окуган кыздар экен. Ооба, алар хиджаб кийип отурушкан. Алардын "биз диний медреседе окуйбуз, ордунан туруп, жүрөккө колду коюп, гимн аткаруу динге туура келбейт" деп айтканы күмөн, себеби алар эч ким байкабайт деген ойдо гана ордуларынан турбай коюшкан", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан.

Басма сөз кызматы белгилегендей, тиешелүү сөз айтылган соң медресенин жетекчиси жана облустук казыяттын өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин белгилеп, бул иштерди аткарууну моюнга алышкан.

Кошумчалай кетсек, конференцияда диний экстремизм жана терроризм алып келе турган коркунучтар түшүндүрүлүп, андан алыс болуу чакырыгы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(50)
27.04.2016. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
молдо болсо беш убак намаз окуса ар бир адам озу учун окуйтта мен тушунбойм динде мындай динде тигиндей дегендерге алла таалам айттат оз элинерди тилинерди оз жеринди корго деп эгерде баарыбыз мусулманбызда деп жон койсок анда биз жерибизди элибизди жок кылып алабызда мен ойлойм ордунан турбай койгондор кыргыз эмес болуш керек туштукто кыргыздар медресеге окуткан кыргыздар аз болуш керек ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ!!!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-04-28 11:26:10
28.04.2016. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uluukyrgyz, бөлүнүүчүлүк маанидеги билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуңуз!
27.04.2016. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Dinge asylbai betinerdi taza juup algyla
27.04.2016. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ээринип турбай койгондур да бирок мектепте окуп жургондо биз шоктуктун айынан коп нерселерге баш ийбейт элек балким бул да ошондой кылгандыр 6.7де окуса
27.04.2016. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Бул жерде дин кунолуу эмес ошол кыздар айыптар
27.04.2016. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
nursultan67, эн туура кошулам , Ар бир адам озунун оордун кайсыл жерде кандай кылыш керектигин билиш керек, эми булар кичинекей экен кыздар.
27.04.2016. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бардыгынар баштап эле динге асыласынарда. Ал жерде жазылып турбайбы эч ким байкабай калат деп ордуларынан турбай койгон деп жатпайбы.Туура тарбия бериш керек. Ал гимни сыйлабагандык. Бирок билип койгула кой аксагы менен жуз дейт
27.04.2016. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул суроо ким тарабынан коюлсада козу сокур чымындан пил жасагысы келгендердин суроосуго мен бул кыздардын кылыгына жооп беруудон алысмын себеби ал жерде кандай себеп менен алар турбаганын так билбейм айтайын дегеним6,7 класстын окуучулары болсо неге башка бир мамилелерде булар жаш коргондон коро элеги коп деп айтылатта дин маселеси келгенде тим эле андай мындай. тушунуктууле болуп жазылып туратко 6, 7 класстын окуучулары экен деп ушуну которуп чыккан адамдын озунун ой жугуртуусуно таазим.......
27.04.2016. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бир созду деп ширк келтирип албагыла,динди жамандап олтургандан коро барып намаз окубайсынбы?Ушундай акылдуу экенсин.Кыргыз элим динибизге эч качан асылбагыла,баарына озубуз адамдар куноолубуз.Мекенди сыйлоо Куранда деле жазылган.
27.04.2016. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-22
Мен ошол кыздарды жүрөгү таза ыйманы бекем экен деп түшүндүм.
27.04.2016. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Er-jurok.,tuwunugun kyila artta kalyp ketiptir anda.
28.04.2016. 05:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Er-jurok.,Ыйманы таза болгондо, ошол жаныдагы кишилерди сыйлап туруб коймок!!! Бул просто оз билармандык!!!
Rapas түзөттү 2016-04-28 05:45:40
27.04.2016. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
медресенин жетекчилигинде куноо динге жакшы конул бурбасак озум билемдер кобойду радикалдашып баратат. динине улутуна карабай кыргызстанда жашагандан кийин кыргызстандын баалуулуктарын мыйзамдарын сыйлаш керек.
27.04.2016. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
maks.7673,акылдуулар кобойду...сен да жасасан болот
27.04.2016. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Мамлекеттик гимн аткарылып жаткан жыйындарда жана ар
кандай иш- чараларда ар бир атуул тике туруп угууга, мамлекеттик
эн белгиге урмат көрсөтүп колун жүрөк тушуна коюуга милдеттүү.
Бул жөрөлгө өлкөнүн ар бир жараны мамлекеттик атрибуттарды
сыйлоого жана урматтоого милдеттүү экенин билдирет. Бул жон эле мамлекеттик баалулуктарды сыйлабагандык актануунун кереги жок .
27.04.2016. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мекенди суйуу, аны сактоо ыйык милдет. Чек арада кызмат отоп эл жерин душмандан сактаган адам бейишке кирет деп айтылат. Ал эми динге баш оту менен берилип, фанат болуп кеткендерге тушундуруу иштерин жургузуу абзел.
27.04.2016. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Неге туруш керек екен алар силер [moderated] деп болсонор канешна мыйзамынарды сыйлабайта мен деле турвайм колунан келгенин кылып алышсын
27.04.2016. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мындай жорук ала топучандардын колунан келет!
27.04.2016. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Динди туура тушунушубуз керек...жакшы улгу бололу,динибиз менен сыймыктанабыз... динди жаман корсотпойлу...динибизде мамлекетти суйуу мамлекеттин ыйык туткан нерселерин ыйык тутуу шарт....динди туура жашоо башкаларга туура тушундуруу ,молдо менен таксырлардыкы эле эмес,ар бир адам милдеттуу... себеби Жаратуучубуз берген суудан ичип нандан жеп козду колду бутту колдонуп жатабыз....эч ким качып кутулам дебесин..
27.04.2016. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алардын сотко беруу керек
27.04.2016. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу элим. Жогорудагы айрым сөздөр жанды кейитет, чынында.Исламда Гимн жаңырганда ордуңан турба деген мыйзам болсо, медресени жаап салуу керек. Динди терең түшүнүп, диндин бардык мыйзамдарын аткарып жаткан өлкөлөрдө эмне үчүн гимн жаңырганда ордунан туруп сыйлашат. Мен ойлойм 6-7-класстын кыздары болсо, тескерисинче алар динге али түшүнүшө элек экен. Рахмат дегим келет ал кыздарга.Хиджап кийип ыймандуу көрүнгөндөр. Көзгө аткандын баары эле мерген эмес.
27.04.2016. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуну ким которуп чыкса дагы ото акылы пас адамдын кылганы,озун деле эстеп корбойбу 6 7 класта окуп жургондо гимндин гсын тушунбосо керек эле. Баарыбызда эле ошондой болгон.Эн туура кылгансынар ар ким озу билет турабы турбайбы.Силер Отунбаева деле гимн ойнолуп атканда колун он кокурогуно койуп турган ошону неге ызы чуу кылып жазбайсынар ошондо. боодой нерсени тоодой кылып ийесинер!!
27.04.2016. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kelechek.kg,эн туура
28.04.2016. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жака эми жеттиби?
28.04.2016. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жерде кыздардын жаштыгы, акылсыздыгы болду.
Медресенин окутуучусу иштен айдалды ушулардын айынан...
28.04.2016. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин коментарийим очуруп ийип жататко
28.04.2016. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бугун каси мечитинде Чубак ажы устатыбыз далилдеп айтып берди.конституцияда да бар кандай кылып гимнди сыйлаш керектиги.ошондуктан ордубуздан туруп койсок еч нерсе болбойт
28.04.2016. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Медреседе окуган кыздар эч ким байкабай калат деп турбай коюшса аларга эмнени окутуп жатты болду экен медресенин мугалимдери?
28.04.2016. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Урматтуу мекендештер! Тиги жактан кетип жатат бул жактан кетип жатат дебей болунбой эле коелучу. Ушул болунуп отуруп эмне деген акыбалга келип жатабыз. Бул болгону дагы бир шалаакы же болбосо оз жумушун толук кандуу билбеген молдолордун айынан азыркы кундогудой акыбалга келип жатабыз. Ошол туура эмес жана баш мыйзамды сыйлабаган адамдардын айынан ушуга окшогон окуялар болот. Ошон учун ар ким озубузду ондоону баштасак, коом да онолот.
28.04.2016. 07:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
6-,7-класстын окуучулары болсо ПЕРЕХОДНЫЙ ВОЗРАСТта экен да.Гимнди ар бир Кыргызстандын атуулу сыйлашы керек.Дааратын тузуктоп ала албагандар да хиджап кийип,кмйинчерээк кайра чечип салгандарды коруп жатабыз го.
28.04.2016. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
portugalia, сага 100% кошулам. Мен коп кыздарды тааныйм кийип бир канча убакыттан сон кайра чечип салган
28.04.2016. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гимнге турбаса алдындагыларды көрүп "Булар
неге туруп атат" деген ой деле келген
эмеспи?
28.04.2016. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алладан корккула динге асылбагыла
28.04.2016. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
besha, Kgz87, башкалардын улутун мазактоодон алыс болгула!
Jaloshtalnarisbatchui, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз!
28.04.2016. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кийимине, динине,улутуна асылбагыла адамдык сапатын талкулагыла!
28.04.2016. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал эми улуттук кийимди ощубуздун кыргыздын Уркия, Курманжан датканын урпактарыбыз деп бирок жыланач жургон кыздарга сунуштагыла! Хиджап кицген бирок намаз окубаган деп соз кылбагыла хиджап,намаз аялга парз! кыргызда деле соз барго "катын" деген мааниси аялсын назиксин дененди кат узун кийин таза жур озунду, дененди аздекте деген!!!
28.04.2016. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
soccer_boy95, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек! Билдирүүңүз өчүрүлдү.
28.04.2016. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
good_boy, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган! 10 күн БАН!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: