Бишкекте аялды, анын сиңдисин жана кызын өлтүрүүгө шектелген Нарын облусунун тургуну кармалды (нерви жукаларга көрүү сунушталбайт)







Бишкекте аялды, анын сиңдисин жана кызын өлтүрүүгө шектелген Нарын облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 01:20 чамасында милицияга "борбордогу Т.Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен адам өлтүрүү фактысы катталды" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган милиция кызматкерлери турак жайда Жалал-Абад облусунда 1975-жылы туулган М.В. аттуу аял, анын 1997-жылы туулган М.Н. аттуу кызы жана 1989-жылы туулган М.А. аттуу сиңдиси белгисиз адамдар тарабынан бычакталып өлтүрүлгөнү аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары А.Осмонкулов көчөсүнөн, Чоң Чүй каналынын жанынан канга боёлгон бычак менен 1982-жылы туулган Ш.К. аттуу Нарын облусунун тургуну кармалган. Окуя болгон үйдөн дагы бир бычак жана кан болгон кийимдер алынган. Бул факт боюнча соттук-биологиялык жана башка экспертизалар дайындалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмышка шектүү менен каза болгондор тааныш болгон эмес.
3 адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган жаран сүйлөшкөн кызын апасы жолуктурбай койгону үчүн бычактап салган

же баягы эле жумушсуздук акчага келип такалат да,тоноо үчүн киргенго менимче,каршылык көрсөтсө,баарынын көзүн тазалаган окшойт, адам сымал айбан,мыкаачы..
Бан деп ийбегиле дагы!
Алгачкы туура эмес маалыматты Бишкек ШИИББи таркаткан. Андан соң маалымат такталган.