super.kg logo

Бишкекте 3 адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган жаран сүйлөшкөн кызын апасы жолуктурбай койгону үчүн бычактап салган (фото, видео)

 
Каргашалуу окуя болгон үйдүн эшигинин алды дагы эле кан бойдон турат.
Бишкекте аялды, анын сиңдисин жана кызын өлтүрүүгө шектелген Нарын облусунун тургуну
Окуя тууралуу аталган аймактын тургундарынын көбүнүн маалыматы жок.
Каргашалуу окуя тууралуу уга элек маркумдардын кошунасы

Борбордогу Свердлов районуна караштуу Төрөкул Айтматов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде 29-апрелге караган түнү 3 адамдын өмүрүн алган каргашалуу окуя орун алды. Анда 41 жаштагы аялды, анын 27 жаштагы сиңдисин жана 19 жаштагы кызын 32 жаштагы Нарын облусунун тургуну бычактап, жабырлануучулар көп кан кетүүдөн каза болуп калышкан.

Окуя орун алган үйгө барганыбызда маркумдардын кошуналарынын көбү бул тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин билдирип, таң калып жатышты. Ал эми каргашалуу окуя болгон үйдүн жанында 3 жылдан бери батирде жашаган Гүлбара Асанкулова аттуу кошунасы маркумдар 1 жылга жакын убакыттан бери №167-үйдөгү батирде жашап келишкенин айтты.

"Түндө эмне болгонун билбей калдым. Үчөөнү тең бычактап, оор жаракаттардан улам энеси, кызы жана маркумдун бир тууган сиңдиси каза болуп калганын уктук. Уулум "түндө жаш жигит бакырып ыйлап жаткан" деп эртең менен айтты. Милиция кызматкерлерине да күбө катары ушуларды айтып берди. Бул үйдө бир нече батир бар, жашоочулары бат-бат алмашып турат, бирок каза болгондор узак мөөнөттөн бери жашап келишкен. Эски бекетте нан сатып иштейт деп угуп жүргөм. Каза болгон 19 жаштагы кыз хиджаб кийип жүрчү, өзү токтоо эле. Дайыма корообузга келип суу алып жүрчү. Кошуналар үчөөнү жакында эле дааваттан келген ошол кыздын жигити өлтүрүп кеткенин айтып ызы-чуу болуп жатышты. Эртең менен жолго чыксам, үйдүн айланасында сакалчан бир нече киши жүрүптүр", - деди Г.Асанкулова.

Ал эми маркумдардын дагы бир Таалай аттуу кошунасы бул окуя тууралуу маалымат каражаттарынан окуп, кооптонуп жаңы эле жумушунан кайтып келгенин айтты. Ал бул райондо 10 жылдан бери жашай турганын кошумчалап, үйүнүн жанында мындай акылга сыйбаган окуя орун алганына ишенбей жатканын билдирди.

Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев бул тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди: "Түндө саат 01:30 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө "Т.Айтматов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде 3 аялды өлтүрүп кетти" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке Свердлов РИИБинин жетекчилери жана кызматкерлери барышкан. Убактылуу жашоочу үйдүн ичинен 41 жаштагы Венера аттуу аялдын жана 27 жаштагы Алтынай аттуу кыздын колтук тарабына бычакталган жансыз денелери табылган. Ал эми 19 жаштагы Нуржанат аттуу кыз санына бычактан жаракат алып, оор абалда болгон. "Тез жардам" кызматы келип, тиешелүү жардам көрсөткөн, бирок кыздын каны көп кетип, өзүнө келбей каза болуп калган.

Күбөлөрдүн айтымында, кансыраган кыз сыртка качып чыгууга үлгүрүп, жардам сурап кыйкырган. Шаарда 25-апрелден бери рейд жүрүп жаткан, ошондон улам кылмышка шектүү кыска убакыт аралыгында колго түшүрүлгөн. Аталган аймак кызматкерлер тарабынан тез арада курчоого алынып, колунда бычагы бар кылмышка шектүү Осмонкулов көчөсүнөн кармалган. Анын кийими, бут кийими, колдору кан болчу.

Кылмышка шектүүнүн көрсөтмөсүнө ылайык, ал сүйлөшкөн кызына жолугушууга келген, бирок анын апасы урушуп экөөнү жолуктурбай койгон. Ошол себептен улам кылмышка шектүү алгач кетип, спирттик ичимдик ичип, 2 бычак алып кайра кайтып, сүйлөшкөн кызын, апасын жана сиңдисин бычактап кеткен. Учурда ал милиция кызматкерлерине көрсөтмө берүүдө".

Алдын ала маалыматтарга ылайык, каза болгон аял менен эки кыз борбордогу эски унаа бекетиндеги ашканалардын биринде иштечү. Ал эми кылмышка шектүү жаран аталган бекетте наабайканада иштеп келген.






3 адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган жаран сүйлөшкөн кызын апасы жолуктурбай койгону үчүн бычактап салган

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(32)
29.04.2016. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооз ачыла турган окуя. Апасы кызын жолугууга чыгарбай койгон болсо, 19 жаштагы кыздын жигити 32 жаштагы болуп калабы, тобо кылдыыыым...
29.04.2016. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каза болгондор Кыргыздар окшойт,жайы жаннаттан болсун.Аа Киршелктогу ору улутунан да учоо олгон эле ошолор окшойт дегем,ошолорду олтургондорду табышыптырбы?
29.04.2016. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо
Медиа-портал
29.04.2016. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+47
Арактын айынан канча адамды жаны кыйылды. Ошол учун олум жазасын киргизуу керек. Соттор дагы ак иштегилечи!
Kai түзөттү 2016-04-29 17:49:49
Медиа-портал
09.05.2016. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Kai,ушундай так далилдүү кылмыштарга чын эле өлүм жазасы кириш керек. Бул камалып , 10жылбы 30 жылбы отуруп чыгып келет. Анан по понятиям живу деп алып, карапайым элди кыйнайт налог салып, же тоноп, же дагы бирөөнү өлтүрүп.
Медиа-портал
10.05.2016. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Rifle_3,Мындай канкорлорго адам баласынын жанында, деги эле жер устундо орун жок, олум жазасын киргизип ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2016-05-10 12:25:49
Медиа-портал
10.05.2016. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Arslan12, провокацияга жол жок!
Медиа-портал
20.10.2016. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rifle_3,по понятиям живу болгону менен турмодон чыккандар коркок болуп калышат экен, кайра турмого киргилери келбей
hanisa түзөттү 2016-10-20 14:28:58
29.04.2016. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уч куноосу жок адамдын омурун алганы окунучтуу.Жаткан жерлери жайлуу болуп, Кудайым оз мээримине алсын! журогум ооруп кетти
29.04.2016. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман окуя бир уйбуло бир кундо жок болду атасі бар бирок каташчу ємес
29.04.2016. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Дааваттан жакында эле келсе, ичип алганы эмнеси?
29.04.2016. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kalima88,Маркумдар дааваттан келишкен экен
29.04.2016. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогум ооруп кетти. Жаман окуя болуптур. Бир кундо уч адамдын омуруно кол салып. Тоооообоо дей турган иш болуптур. Бугун бар, эртен жокпуз дегени ушул экен да.
29.04.2016. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Калп эле жолуктурбай койгон учун олтурдум деп жатат окшойт ортодо акча ойногон окшойт коп суммада териштириш керек жакшылап жеке оюм да
29.04.2016. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
zhykyo,ооба жон гана жолуктурбай койгон учун эмес болуш кк,мумкун жаман соз айттып койду апасы журокко тийчуу,барибир апасынын тарабы да кызын ким мн жолуктуруп ким мн жолуктурбаган ошонун иши а баланы омур боюга кетириш кк если бизде тууура иштесе соттор уч адам деген оной эмес ойлоп корушсо
29.04.2016. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окунучтуу ордуна келтиралбайсын.Жаткан жерлери жайлуу болсун.Туугандарына терен кайгыруу менен конул айтабыз
29.04.2016. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комментарий жок
30.04.2016. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арактын айынан канчалаган кылмышкерлер кобойуп жатат. Сприт ичимдиктерин жок кылып койсо кандай болор эле?
30.04.2016. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх, кыйылган өмүрлөр(((.
30.04.2016. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
окунучтуу кылмышкер дабаттан келсе ончолук болбош керек эле окуянын башка себеби бар го.
30.04.2016. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mirsapar,Теманы жакшылап окуп анан коммент. жазсанар боло. Дааваттан кылмышкер келген эмес, маркум болгондор дааваттан жаны эле келишкен экен.
02.05.2016. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mahabbat,
"Каза болгон 19 жаштагы кыз хиджаб кийип жүрчү, өзү токтоо эле. Дайыма корообузга келип суу алып жүрчү. Кошуналар үчөөнү жакында эле дааваттан келген ошол кыздын жигити өлтүрүп кеткенин айтып ызы-чуу болуп жатышты."
Деп жазылып турбайбы.Каерден окуп атасынар "маркумдар дааваттан келди"дегенди.
Медиа-портал
30.04.2016. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Жазасын бериш керек. 3 адамды олтуруп жер устундо озу кантип журот.
Медиа-портал
30.04.2016. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
ХХХ ХХХ конечно 32де болсо ким эле 19жаштагы жаш кызын бргиси келсин, акылы бар адамдын баардыга-против болмок!
Модератор admin_media түзөттү 2016-05-02 09:46:29
Медиа-портал
03.05.2016. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
LadyB, порталдын эрежелерин сактаңыз!
Медиа-портал
19.10.2016. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
LadyB,34 то
Медиа-портал
01.05.2016. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
ee kudai dei turgan zaman bolup kaldy azyr,bul uch markum Aksynyn Kow Dobo degen aiylynan eken,jatkan jeri jailuu bolsun,tigi mykaachu omur boiu turmodo jazasyn alsa jakwy bolmokko,a bizde kaida deisiner sotko kop summada akcha berse aktap chygaryp koiot da.
02.05.2016. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
497 Кочодо эркек эмес кыздар мас болуп оз билгенин кылып журсо.Анан арак ичкен эркектер эмне кылбайт.
04.05.2016. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

видеосу ачпай атат го...
04.05.2016. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ss90, саламатсызбы!
Опера мини браузери менен видео көрө албайсыз. Башка браузер менен кириңиз же видеону көчүрүп алыңыз.
Медиа-портал
08.05.2016. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Мен 1997 ж. кызды таануучумун,ал менин университетимдин биринчи курсунун окуучусу болчу эле...аябай жакшы кыз болчу,адамгерчиликтуу, кулуп -жайнап турчу...баары менен жакшы суйлошчу...биз ошол кабарды укканда чынында эле ишенген эмеспиз...мен билбейм эмне учун чынында эле болгонун ,баарыбир эч ким деле биле албайт ,мыкаачыны биздин сот жана закон жазасын аткара албайт.Мыкаачынын бир гана АЛЛАХ кыла алат аны,Аллах ,Кудайым ,бааарын корот ,баарын билет...
SUPER.KG видео
09.03.2018. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арак ичип алып суйлошкон кыздарына кантеп эле бара беришет!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: