Аяна Касымова алгачкы концертинен түшкөн акча каражатын ракка кабылган 1,5 жаштагы Айдарга которду

Жаш, таланттуу ырчы Аяна Касымова 4-майда алгачкы концертин өткөрүп, андан түшкөн акча каражатын рак оорусуна кабылган 1,5 жаштагы Айдарга которду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ырчынын менеджери, апасы Аида Токтосунова билдирди:
"Рак оорусуна кабылган 1,5 жаштагы Айдарга операция ийгиликтүү жасалды. Операциядан кийин да бала дары-дармекке муктаж болчу. Ошондуктан Аяна алгачкы концертин бул балага кайрымдуулук кылуу максатында уюштурду. Болуп өткөн кайрымдуулук концертинен жалпы 76 800 сом чогулду, аны рублга которгондо 73 837 рубль болду. Айдарга да шашылыш акча керек болгондуктан, билет сатууга 10 күн эле убактыбыз болду. Мүмкүн, эртерээк баштаганда мындан да көбүрөөк акча чогулмак беле... 5-май күнү эле жөнөтөлү дегенбиз, бирок банктар иштебегендиктен, 6-майда жөнөттүк".
Эске салсак, Айдарды аман алып калуу аракетинде анын жакындары операцияга коомчулуктан жардам сураган. Ага акчалай көмөк көрсөткөндөрдүн катарында орус ырчысы Нюша да болду. Ырчы операцияга 300 миң рубль бергени кызуу талкууланган.

Бир чети жакшы, Аянаны көрүп
башкаларда
ушул жол менен болсо да жардам берээр.
Анткени бир жылдары (анык есимде жок) 20 жылдык жолугушуунун еелери ошол жолугушууга кеткен акчаны бир жардамга муктаж уй булого уй салып беришкен еле, жакындале ушундай жанылыкты да уктум абдан суйундум демек Жарыялаганы туурале деп есептейм( Бизда угуп суйунуп турабызда)