super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР. Окурман: "Учактын капталындагы эшигинен шамал кирип жатты"

 

"15-майда YК 966 Москва-Ош каттамы менен Ошко учуп келгенбиз. Боинг учагынын капталындагы эшигинен шамал кирип жатты. Мындай учак менен учуу кооптуу. Домодедово аэропортунан саат 11:55те чыгып, саат 19:00дө Ошко конгонбуз. Аман-эсен жетип алалы деп эч кимге кайрылган жокпуз", - деп SUPER.KG порталына окурман кайрылды.

Жергиликтүү авиакомпаниялардын биринин адисинин SUPER.KG'ге билдиришинче, мындай учак менен учуу кооптуу эмес. "Учактардын эшиктери улам-улам текшерилип турат. Окурмандын видеосунда көрсөтүлгөн эшиктин резинасы айрылып калышы мүмкүн, бирок бул жүргүнчүлөр үчүн кооптуу эмес. Анткени учак учуп баратканда, абанын басымынан эшик өзү бекем жабылып турат", - деди адис.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Учактын капталынан шамал уруп жатат

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(14)
Медиа-портал
23.05.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эски учактар! Аманчылыкта учалы!
Медиа-портал
23.05.2016. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
bosmos777, Европада жарактан чыгып списать этилген самолетторбу булар? авиокомпаниянын адиси бейгам го. Биротоло эшик ачылып кетсе жанындагы пассажир жеткиче беккем кармап кетет. же куру бекем тагылса эшик ыргып кетсе коркпой эле таза абадан дем алып кете беришет же пилоттордун жана стюардессалардын эшиги жакшы жабылса болду,калгандар учун биз жооп бербейбиз, же болбосо ар бир пассажир келгенде эшикти шамалдан скоч же вата менен бутоп отуруш керек деп койбоптур да.
23.05.2016. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай учакка мен да туш болгом бир убактарда, бирок ошол убакта кооптуу же кооптуу деле эмес экенин ойлонгон деле эмес экенмин , мүмкүн жашчылык болсо керекда
23.05.2016. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
негизгиси Аллах озу сактасын Аллах пешенеге жазса учактын эски жанысына карабайт Аллахым озу сактасын баары бызды.
23.05.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
farel_007,Мындай соз бар! Сактансан сактайм деген экен! Ошон учун биринчи, техникалык абалын текшерип. Учуучу жургунчулордун коопсуздугун ойло керек. Акча эмес!
24.05.2016. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
farel_007, Эми Кудай
24.05.2016. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
farel_007, Эми Кудай да сактанганды сактайм дейт. Анан Аллах сактасын деп эле маторлору саландап, канаты чирип калган самолетторду иштетип журо берсек качан онолобуз анан замандашым. Кудай сактайт, Кудай берет деп отура бербей аракет кылсак анан берет да Аллах. Мамлекет учактарга конул буруп эски жанысын иликтеп асманга чыгарбаса арты кайгылуу болуп калышы мумкун. Сактыкка кордук жок дейт го.
23.05.2016. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул эле YK966 менен биз да апрельде учуп келдик,ото эле шалдыраган эски экен.Кайтканда уже авиакомпанияларды тандап билет алдык
23.05.2016. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жолу ошондой самолетун ортосуна мен отуруп, эшик жагына кесиптешим отуруп калган эле кышында. Тушсок эле утуройуп калыптыр эмне болду? десем,эшигинен анылдап шамал кире берип кирбеген жеримин баарына шамал кирип тонуп олуп калайын дедим дейт. Эй анан стюардессаларга айтпайсынбы десем. Тартындым да. ансыз деле оорун жок,мени каякка жылдырмак эле, анын устуно муздак суусун берип андан беттер тонуп келдим дейт. Айтсан болмок бир тошок же одеял таап беришет эле деп кулуп алганбыз.
23.05.2016. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менда ушул рейсте келдим, самолеттун абалы ото начар, кудай сактасын,керек болсо ичиндеги освещениялары жакшы куйбойт...Кыргызда соз бар, ооруну жашырсан олум ашкере кылат деген. ушунтип жаап жашыра берсенер.кудай эле сактасындааааааа !!!!!!!
23.05.2016. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эн жакшысы аэрофлотко эле алыш керек, кымбат болсо дагы. Арзан учам деп совсем нарака учуп кетишин деле мумкун бул самолеттордо.!
23.05.2016. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
YK966 бул кайсы компаниянын боингдери экен? S7 компания жакшы, самолеттору да жаны
23.05.2016. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
11де чыгып кантип 19 да келдин
23.05.2016. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MAKALAK,11московский время,19кыргызстандын са
аты,мен да ушундай учкам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: