Англиялык басылма: Экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов Лондондогу 50 кабаттуу имараттан батир сатып алды

Британиялык "The Guardian" басылмасы Лондондогу эң бийик имараттардын бири - St.George Wharf мунарасындагы батирлердин ээлерин жарыялады. Маалыматка ылайык, имараттагы батирлердин көбү чет элдик ишкерлерге таандык.
Тизмеде чет элдик 130 ишкер бар. Алардын катарынан "Аю Холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Улуттук Олимпиада комитетинин башчысы Шаршенбек Абдыкеримовдун фамилиясын көрүүгө болот.
Басылманын маалыматына ылайык, андагы батирлерди сатууда баштапкы баа 2 миллион фунттан башталган (1 фунт дээрлик 99 сомго барабар). 73 батир 2 миллион фунттан 5 миллион фунтка чейинки баада сатылган. Эң кымбат батирлер болсо 1 миллион фунт же андан жогорку баада сатылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:41
2025-07-04

10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

Рейтинг:
0

Эч качан Кудайга нааразы эмесмин чексиз шүкүр кыламын,себеби менин эки көзүм бар деним сак,бардык дене мүчом ордунда. Бул баа жеткис Кудай берген байлыктарым.
чөнтөгүңдө коко тыйының жок болсо ушундай жаңылыктарды окуп жашаганыңа өкүнүп каласың...