ЖЫЛНААМА, 4-ИЮНЬ: Америкалык актриса Анжелина Жоли 41 жашка толду
Америкалык актриса, режиссёр, сценарист жана фотомодель Анжелина Жоли 41 жашка толду. Ал 1975-жылы 4-июнда АКШнын Лос-Анжелес шаарында туулган. Анын атасы - 1978-жылы "Үйгө кайтып келүү" аттуу фильминдеги ролу үчүн "Оскар" сыйлыгын алган белгилүү актёр Жон Войт, ал эми апасы Марселина Бертран убагында модель болгон.
Анжелинанын 2 жашар кезинде ата-энеси ажырашып кетишкен. Ар кандай ушактардан чочулаган апасы Анжелина менен уулу Жеймсти алып Нью-Йорк шаарына көчүп кетүүгө аргасыз болгон.
"Оскар", "Алтын глобус" жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээси Анжелина Жоли алгач 1982-жылы "В поисках выхода" тасмасына тартылып, кийин "Лара Крофт: Расхитительница гробниц", "Лара Крофт: Расхитительница гробниц. Колыбель жизни" тасмаларындагы ролдору аркылуу атактуулукка жеткен.
Актриса 2009-жылы, 2011-жылы, 2013-жылы "Forbes" журналынын версиясы боюнча эң көп акча төлөнгөн актриса деп табылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:22
2026-09-19
Рейтинг:
3
3
Комментарийлер(2)
lolo.1
04.06.2016. 15:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул жакшы болуп калды бекен а?
aiza9675
07.06.2016. 18:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билбейм,бир жоолукканда сурап коюнчу)))))!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















