Айзада Жамгырчиевага жаңы Changan унаасы белекке берилди
Кыргызстандык алып баруучу Айзада Жамгырчиевага жаңы Changan үлгүсүндөгү унаа белекке берилди.
Буга чейин, 6-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана жер улактын финалдык беттештери өткөн. Андан соң жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи уюштурулган.
Иш-чаранын жүрүшүндө Казакстандын көкпар федерациясы Айзада Жамгырчиевага унаа белек кылган.
Федерациянын президентинин айтымында, белек алып баруучуга оюндардын ачылышындагы парад учурунда казакстандык спортчуларды «Казакстан» деп өзгөчө чакырып, колдоо көрсөткөнү үчүн берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:47
2026-09-14
11:9
2026-09-14
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















