super.kg logo

Казакстандын Актөбө шаарындагы атышууда жыйырмадай адам жаракат алып, бир нече адам өлтүрүлдү

 
Курал-жарак саткан дүкөндөрдүн кол салуудан кийинки абалы
Курал-жарак саткан дүкөндөрдүн кол салуудан кийинки абалы

Бүгүн, 5-июнда Казакстандын Актөбө шаарынын 5-кичи районунда, филармониянын аймагында жана курал-жарак сатуучу "Паллада" дүкөнүндө атышуулар болуп жаткандыгы тууралуу "Тенгриньюс" басылмасы жазып чыкты. Басылма жазгандай, расмий эмес маалыматтар боюнча, кол салгандар "Пантера" дүкөнүн тоношкон.

"Паллада" курал-жарак саткан дүкөнүнө кол салуу болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Башка дүкөн менен Улуттук гвардиянын аскер бөлүмүнө кол салынганы тууралуу белгилүү болду. Атышуулардан "Паллада" дүкөнүнүн сатуучусу каза болуп, бирөөсү жаракат алды. Аскер бөлүгүндө 1 офицер жана 1 аскер кызматкери каза болуп, 9 аскер жаракат алды. Кол салгандардан үчөөсү өлтүрүлүп, бирөөсү жаракат алса, бир нечеси аскерлердин курчоосунда. Калгандары качып кетүүгө үлгүрүштү", - деген өлкөнүн Ички иштер министрлигинин өкүлү "Тенгриньюс" басылмасына.

Ошондой эле "Тез жардам" кызматы атышуулардан жыйырмадан ашык адам жаракат алганын билдирген. Алардын арасында шаардын жөнөкөй күнөөсүз тургундары жана курал-жарак саткан дүкөндөрдүн сатуучулары бар.

"Жаракат алгандардын саны көп. Так маалымат айта албайм, бардык бригадалар бошобой жатышат. Жаракат алгандардын саны жыйырмадан ашат, каза болгондор тууралуу айта албайм", - деген "Тез жардам" кызматынын адиси.

Казакстан Ички иштер министрлигинин божомолунда, кол салгандар салттуу эмес радикалдуу диний агымдардын өкүлдөрү болушу мүмкүн. Учурда полиция актөбөлүктөрдөн үйдөн чыкпай турууну суранууда.






Актөбөдөгү атышуу 05.06.2016

Актөбөдөгү "Пантера" дүкөнүндө атышуу

Актөбөдөгү куралчандар 05.06.2016

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
05.06.2016. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
КУДАЙ САКТА мындай нерселер КАЗАКСТАНда көп каттала баштады окшойт...
05.06.2016. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сакта... Эмне эле болуп атат... Кадимки согуштай эле өлүп жатат го адамдар.
05.06.2016. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акын журогу приказды бер не кылыш керек
05.06.2016. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
MAKALAK,ал банга кеткен,бир нерсе деп чыкмак болсо
05.06.2016. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай сактай кор,дуйнодо тынчылык болсун.Конушун тынч сен тынч дейт.
06.06.2016. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ким ким менен атышып жатышат тушунбодум?
06.06.2016. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Белгисиз адамдар курал саткан магазинге кол салган. Куралданып алгандан кийин милиция менен атышып жатышат. Кыпгызча түшүнбөйсүңбү ?
06.06.2016. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оружейный магазиндерин жаап салып,кимде оружиясы болсо конфискация кылуу керек. Ислам динин атын жамынып алып, эртен орозо деген куну мындай провокацияларды кылышат, мусулмандарды жаман корсотуп.
Медиа-портал
06.06.2016. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам
Медиа-портал
06.06.2016. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
muke88,атышып жүргөндөргө окшоп саламдашканың жакшы го.
06.06.2016. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым баарыбызды аман эсен сактай кор, дуйнодо тынчылык болсунчу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: