super.kg logo

Кинотеатрда орун талашып мушташа кеткен кыздардын бири Конституциялык палатанын соту Жедигер Саалаевдин кызы

 
Эльзат Жедигерова
Айзат Дастанова
Жедигер Саалаев
Бир канча күндөн бери интернеттеги социалдык тармактарда Конституциялык палатанын соту Жедигер Саалаевдин кызы Эльзат Жедигерова менен Айзат Дастанова аттуу кыздын ортосунда болгон окуя кызуу талкууга алынууда. Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде Бишкектеги кинотеатрлардын биринде болгон. Анда Эльзат Жедигерова курбусу экөө кинотеатрга барып, ал жакта Айзат Дастанова менен орун талашып уруша кетишкен. Окуянын чоо-жайын билүү үчүн эки тараптын оюн угуп көрүүнү туура көрдүк.
Эльзат Жедигерова: “Ошол күнү Акжолтой аттуу курбум экөөбүз билет сатып алып киного барганбыз. Билетте 5-катар, 10-11-орун деп жазылып турган. Бизге тиешелүү орундукка барганыбызда 11-орунда сумка турган экен. 9-орунда отурган Айзат Дастановадан сумканы алып коюуну сурандым. Ал сумканы алып коюунун ордуна жаман сөздөрдү айтып кирди. “Бул бизге тиешелүү орун, билетте жазылып турат” десем да болбой койду. Анан ортобузда кайым айтышуу болуп, жыйынтыгында мушташа кеттик. Көрүүчүлөр, администратор келип бизди ажыратып калышты. Мен сыртка чыгып баратканда Айзат Дастанова чачымдан кармап, чаап-тепти. Эки айдан ашса да жулунган чачымдын ордуна чач өсө элек. Администратор аларды залга киргизип, бизди киргизген жок. “Эмнеге билети жокторду киргизесиңер?” десем, “билгениңерди кылып алгыла” деп койду. Көрсө, Айзат Дастанованын кинотеатрда иштеген таанышы бар экен. Мен милиция чакырдым. Милиция келгиче Айзаттын жигити арыз жазбашым үчүн 2 миң сом сунуштады. Ал нерседен баш тарттым. Кечинде үйгө барганда башым айланып, өзүмдү жаман сезгендиктен, ооруканада 10 күн жатып чыктым”.
Айзат Дастанова: “30-апрель күнү сиңдим экөөбүз киного барганбыз. Сиңдим сумкасын жанындагы орундукка таштап сыртка чыгып кеткен эле. Ошол учурда эки кыз келип сумканы мен жакка ыргытып, жаман сөздөрдү айта башташты. Анан экөөбүз уруша кеттик. Кино көргөнү келгендер бизди ажыратып калышты. Холлго чыкканда да ар кандай жаман сөздөрдү айтты. Ортого эл түшүп, араң басылдык. Биз кинону көрүү үчүн залга кирип кеткен элек. Бир маалда администратор келип бизди милиция чакырып жатканын айтты. Көрсө, алар менин үстүмдөн арыз жазышыптыр, мен да арыз жаздым. Башында 5 миң сом сурап жатышты эле, кийин байкемден 200 доллар сурашыптыр. Албетте, ал нерсеге биз макул болгон жокпуз. Анткени ал жерде жабырлануучу мен болчумун. Кийин Эльзаттын атасы келип мени коркута баштады. Билбейм, ал кишиге окуяны кандайча айтып беришкен. Аны менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок. Ошол эле күнү окуяны уккан апам ооруканага жатып калды. Мен мындан улам ооруканага жаткан жокмун. Акча каражаты да тартыш эле. Иштин узакка созулушун билгендиктен, жарашууну көздөп ага баргам. Анткени май айынын башында чет өлкөгө иштегени кетишим керек эле. Бирок Эльзат ооруканада дарыланганы үчүн 50 миң сом жана моралдык компенсация үчүн сиңдим экөөбүздөн 120 миң сом сурады. Буга, албетте, каршы болдум. 18-июнда тергөөчү менин күнөөлүү экенимди айтты”.
Бул окуя тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына кайрылганыбызда, иш тергелип жатканын билдиришти.





Кинотеатрда орун талашып мушташа кеткен кыздардын бири соттун кызы

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(90)
24.06.2016. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байдын кызы турбайбы
24.06.2016. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Карга карганын козун чукубайт болуп саалаев айыптын баарын куноосуз эже синдилерге жуктодуда байдын кыздары карапайыпдарга кандай мамиле кыларын жакшы билебиз
24.06.2016. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Айзат дегени деле жон кыз эмес окшойт турушу башкача го
24.06.2016. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
АЙЗАТ деген кыз деле жөн кыз эмес го,СТЕРВА көрүнөт экен!
24.06.2016. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Kani1994,мен да ошону жазайын дегем. Тиги кыз атасына окшош, тартиптуу кыз корунот. Эльзатты корсом керек, аябай грамотная кыз , чото ошолбу точно эсте жок бирок.. Айзаты Тим эле корунушу жакшы эмес экен.
Deniza88 түзөттү 2016-06-24 23:38:51
24.06.2016. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмне эле байдын кызы дединер, чындыгын билбей туруп. Кайсы акмак келип эле сумканы ыргыта калсын. Ар ким озун актаптыр го. Мага Айзаттын кебетеси жакпады. А тиги Жедигерова чындыкка жакын суйлоптур. (мени да талап салбагыла, экоону да тааныбайм)
25.06.2016. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Tahmina.Musaeva, Сүрөтүңдү порталга жүктөп койсоң жакшы болмок, сенин да кебетеңди көргүм келип жатат...
Медиа-портал
24.06.2016. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оой, 50мин акча кетпейт болницага, 120мин компенсация оозун толтуруп алыптыр го байдын кызы. Орозонун кунундо кечиришип койсо да болот, акча дебей сразу...
24.06.2016. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыздар не эле болуп кеттабыз.
24.06.2016. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
сумканы неге бироонун местасына коет анан
Медиа-портал
24.06.2016. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жедигеровада го кептин баары...атасын уят кылган....жон журбойбу атасынын барк баасы менен...койкондобой....
24.06.2016. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жедигер Саалаев өзүңүз бир нерсе кылып ишти токтотуп коюңуз. Кудай өзү таразалайт ким эмне кылганын. Сиз Кудай деп ишти жаптырып коюңуз.
24.06.2016. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Екоо еки башка жомокту айтышатго. Тынч еле болушсунда
24.06.2016. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Бириң өрүк, бириң тал - бириң өлүп, бириң кал"- деген макал эсиме түшүп кетти)
25.06.2016. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушинтип киного барбай эле койгулачы
25.06.2016. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Короче, Айзат Дастанова калп айтып жатат. Бетинен билинип турат!!
25.06.2016. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Койгулачы туугандар. Маалыматыңар жок антип сүйлөөдөн ойлонгула. Бирок, адамды түс-турпатынан айырмалап сын берип болбойт. Анткени, түстүүнү да, түсү суукту да Алла жараткан. Күнөө кимисинде болсо жазага тартылсын.
SUPER.KG видео
25.06.2016. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жедигерова суйлогонунон ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2016-06-27 12:37:50
25.06.2016. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Эльзат кон-к палатанын сотунун же байдын кызы болгон учун эмес, оз укугун жакшы билген учун Айзаттын устунон арыз жазып жатат деп ойлойм. Озу куноолу болсо арыз жазмак эмес. Ошончо кубоолор, видео деле тастыктаса керек.
25.06.2016. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эл-журтка белгилүү адамдардын балдары,ата-энемди уят кылбайын деп аракет кылышат го!анан бул жерде ЭЛЬЗАТ биринчи баштады деп ойлобойм,бирок АЙЗАТ ЭЛЬЗАТты карапайым эле кыз деп асылган болушу керек...анан байдын кыз болуп калып,иш чаташып кетти го,менин жеке оюм да!
Kani1994 түзөттү 2016-06-25 01:21:40
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: