Кайда барабыз? Ошто үч берене боюнча шектелген аял киши кармалды
Ош шаарында пара берүүгө, кылмыш тууралуу билип туруп жалган билдирүү жасоого жана бейбаштыкка шектелип 46 жаштагы аял киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда калаа милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал тергөөчүгө бирөөнү каматып берүү өтүнүчү менен 9 миң сом пара сунуштап, акча каражатын анын банктык эсебине которгон. Бирок тергөөчү пара алуудан баш тартып, акчаны кайтарып берген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле шектүү прокуратурага тергөөчүлөр тарабынан 10 миң доллар пара алынгандыгы тууралуу билдирүү менен кайрылган. Бирок текшерүүдөн соң маалымат ырасталган эмес. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренеси (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) менен кылмыш иши ачылган.
Мындан тышкары, ал Токтогул атындагы эс алуу багынын кызматкери менен чырдашып, аны тилдеп, денесине залал келтирген. Жабырлануучу жеңил жаракат алган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда бардык кылмыш иштери бир өндүрүшкө бириктирилип, тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















