Кыргыз жеринде кармалган өзбекстандык кызматкер бошотулду, Үңкүр-Тоодон өзбек милициясы кете элек

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы полковник Абдикарим Алимбаев Өзбекстандын Чек ара аскерлеринин башчысы, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы генерал-майор Рустам Эминжанов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 23-августта кабарлады.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тарап тең абалды жөнгө салууга даяр экенин билдиришти.
"Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун сотунун чечими боюнча 2016-жылы 13-августта өлкөбүздүн аймагында кармалган Өзбекстандагы Касанай райондук ички иштер бөлүмүнүн күзөт кызматкери А.Тожибаевге айып пул салынып, өзбек тарапка кечээ, 22-августта саат 21:30да Ала-Буканын Баймак аймагында өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.
Учурда Өзбекстандын милиция кызматкерлери Үңкүр-Тоодо калышууда. Өзбек тарап Орто-Токой суу сактагычынын тегерегинде жайгашкан кыргыз милициясынын постторун алып салуу талабын коюуну улантууда.
Бул маселе боюнча аскер кызматкерлеринин иш-аракетин координациялоо үчүн Ала-Бука районуна Башкы штабдын башчысы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары полковник Бакыт Жылтыров жөнөп кетти.

Мыйзам чегинде кармалган жараны мыйзам чегинде чыксын да талап койсо бошотуп койбой сразу.
Анан да кетип калбай дагы талаптарын улантышып атканы бери эле дегенде тоотпостук!
Талаптарын аткарбаш керек болчу озу,эмне кылышмак эле.
Кыргызстандан кочуп кеткиле деп талап койсо кантебиз бу кетиште?
Капа болбой башка форум ач да
согунуп сагына бер. Ошо да проблема бекен
Туура. Берки мискенбай менен жанар акаев экоону ошол жакка алып барыш керек болчу
Ким, качан жерлерди алдырып ийгенин билесинерби озу?
2001чи жылы Акаевге мен кат жазгам. Ошондо Аксыдагы жерлерди алып коюп жатышат десем, чечебиз дешкен. Бирок билген эмесмин озу саткан адам о