"Бүт дүйнөдө интернет арзандап жатса, бизде кымбаттап, сапаты начарлап жатат" дейт нааразы болгон Жанар Акаев

"Бүт дүйнөдө интернет арзандап, айрым жерлерде акысыз болуп жатат. Бизде болсо интернет кымбаттап, анын сапаты да начарлап жатат", - деди бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев.
Анын айтымында, Кыргыз мамлекети 21-кылымда интернетсиз калып, бүт дүйнөгө уят болуп калышы мүмкүн. "Интернеттин кымбатташы Евразиялык экономикалык биримдик боюнча өнөктөшүбүз Казакстандын провайдерлеринин айынан болуп жатат. Казак провайдерлери кыргыз тарап менен бекитилген келишимди аткарган жок. Бул Кыргыз Республикасынын расмий мекемелерин тоготпогондук. Өкмөт чукул комиссия түзүп, альтернативдүү жол издеш керек", - деди Акаев.
Жанар Акаев: "Дүйнөдө интернет арзандаса, бизде кымбаттап жатат" (20.10.16)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Мен дагы...