super.kg logo

Бишкекте таксисттин өлүмүнө шектелген жаран: "200 сомдун айынан айдоочу экөөбүз мушташа кетип, аны отвёртка менен сайып салгам"

 

16-ноябрдан 17-ноябрга караган түнү Бишкекте адам өлтүрүү фактысы катталды. Бул кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Бакыт Тургунбаев аттуу тургуну кармалды. Анын айтымында, “Ош базарынан” Дордой жаңы конушуна 200 сомго такси жалдап барган. Белгиленген жерге жеткенде дос баласынан акча чыкпай калып, анан айдоочу менен уруша кеткен.

Адам өлтүрөйүн деген жаман оюм жок болчу. Жакшы эле ниетте айдатып баргам. Дос балам акча таап берем деген болчу, бирок андан акча чыкпай калды. Ошондо таксист дос балдарына телефон чала баштады. Анан экөөбүз мушташа кеттик. Бир маалда колума отвёртка илинип, ошо менен таксистти моюн тарапка сайып жибергем. Кийин муунта баштаганымда ал “акчаң жок болсо ачык эле айтпайт белең” деди. Эс-учун жоготуп койгонунан “Дордой” базары жактагы мүрзөгө таштап кетип калгам”, - дейт кылмышка шектүү Бакыт Тургунбаев.

Учурда “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Свердлов РИИБинин тергөөчүсү Гүлдана Жардабарова буларга токтолду: “17-ноябрга караган түнү Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ барып, маркумдун 1992-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну А.Н. экенин аныктаган”.

Кылмышка шектүү 1997-жылы туулган Бакыт Тургунбаев ошол эле түнү Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалды.

Гагарин көчөсүндө баратканыбызда Хонда Фит унаасы оң жагыбыздан ашып өтүп кетти. Ошол учурда алдынкы оң капталындагы сүзүлгөн жерди байкап калдык. Аны токтотууга аракет жасадык, бирок ал бизге баш ийбей 300 метрдей барып токтоду. Айдоочудан унаанын документтерин, күбөлүгүн сурадык. Ал тиешелүү документтердин бирин да көрсөтө алган жок. Анын кийимдери жана унаанын ичи кан экенин байкап, эмне болгонун сурасак, “балдар менен мушташа кеттим” деп жооп берди. "Жүрү ошол жерге баралы" деп Кулиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишине барганыбызда, “байкелер, эми чынын айтайын” деп акча жоктугунан таксистти отвёртка менен сайып, аны "Дордой" базары жактагы мүрзөгө таштап салганын билдирди”, - дейт Патрулдук милиция башкармалыгынын инспектору Шайлоо Абдиев.






Таксистти отвёртка менен сайып өлтүргөн кылмышка шектүүнүн көрсөтмөсү

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(26)
17.11.2016. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Эх, эптеп нан табам деп жургон бироонун баласы каза болду. Акчан жок болсо жоо барбайт беле!!!
17.11.2016. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
12.12.12,
17.11.2016. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Подставабы деп ойлосом бул жигит чын эле олтургон турбайбы.
Жазасын алсын!
17.11.2016. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Акылың менен иш кыл.
17.11.2016. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
ехх аттин
еки жуз сом учун бир адамдын омуру кыйылды
жаткан жери бейиш болсун
жакындарына сабыр тилейли
17.11.2016. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
200 сом үчүн тиги баланын да жашоосу сынды.
17.11.2016. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Электронический аппарат койушсун таксилерге озу эсептеп чыгат баасын километрине карап. Шофер да клиент да эчнерсе дебейт ошондо.
17.11.2016. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
akil.91,апарат койсон койбосон клиенттин акчасы жок экен.Теманы окусаныз жакшылап
17.11.2016. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да кызык кайдагы аппарат болмок эле биздин бул чиновниктер менен.
17.11.2016. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Закондун жоктугу мына ушундайларга алып барат чоңдор соттор көп көп арам акча жегиле силердин арам жегениңер бей бечарага тийип жатат. Соттор арам акча албай адилеттүү чечим чыгарса ушундайлар азайат элего.
17.11.2016. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Байкуш таксисттин акыркы созу"акчан жок болсо ачык эле айтпайт белен"болуптурда..((
17.11.2016. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Адамдар эмне болуп баратат... Дагы бир эне сыздап кала берди.
17.11.2016. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
байкуш таксист жаткан жери жайлу болсун ата энеси туугандары кайрат кылгыла а жанагы бала жакшылык корбосун.
17.11.2016. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
отверканы кайдан алдын.
17.11.2016. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-11-17 16:46:43
17.11.2016. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
chon.alai., Порталга адепсиз, уят сөздөрдү камтыган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!
17.11.2016. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мухаммед САВ дын уммоту кайда эле баратабыз 200сом учун бири омурунон экинчиси эркиндигинен ажырап олтурат бул да болсо кыяматтын белгиси
17.11.2016. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Адам өлтүрүү оңой болуп кетти го акыркы күндөрү, не болду адамдарга, же бул ушундай жугуштуу оорубу
Медиа-портал
17.11.2016. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне учун жашап жургонун озу деле билбейтко бул бала
18.11.2016. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыркы күндөрү өлүм житим көп болуп жатат.Жапжаш туруп нервныйлар өзүн башкаралбай калгандар чекеден чыгат.Жапжаш туруп азыртадан ушундай иштерди кылат кийинки турмушун ойлоп иш кылыш керек.
SUPER.KG видео
18.11.2016. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошон үчүн ар бир айдоочунун жанында тапанча болуш керек мыйзамдуу түрдө.Өзүн өзү коргоого жакшы.
Ушуга окшогондор атака жасаганда эки бутуна атсаң эң сонун болот.Жарым жан кылып.Бекерден бекер бее күнөө канча айдоочулар өлүп кетип жатат.
Бутка атсаң өлбөйт.Бирок өтө кыйналат.Анан акырын карматып бересиң.
Медиа-портал
18.11.2016. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун
SUPER.KG видео
22.11.2016. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ Далдырайт го. 200 сом учун олсон бул жашоодо жашап кереги барбы?!
Модератор admin_media түзөттү 2016-11-22 11:30:16
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: