super.kg logo

Өзбекстанда Казакстандын жараны диний экстремизмге айыпталып, 5 жылга кесилди

 

Өзбекстанда Казакстандын жараны "диний экстремизмге үгүттөгөн материалдарды алып жүргөн" деп айыпталып, 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Өзбек сотунун өкүмүнө ылайык, Шымкент шаарынын 26 жаштагы тургуну Акмал Расулов Өзбекстандын аймагына диний мүнөздөгү материалдарды алып кирүүгө аракет кылган. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал материалдар Расуловдун телефонунан табылган. Айыпталуучунун туугандарынын айтымдарында, Ташкенттеги апелляциялык сот 6-декабрда өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды.

Үстүбүздөгү жылдын 28-июлунда ушундай эле айып менен Ташкент аба майданында Түштүк Казакстан облусунун Сайрам районунун тургуну Вохиджон Ниязов кармалган. Өткөн айда ал мунапыс боюнча бошотулуп, мекенине кайткан.

2012-жылдын мартында Казакстандын Ермек Космагамбетов аттуу жараны менен курбусу эс алуу үчүн бараткан маалда Өзбекстан чек арасында кармалышкан. Өзбек атайын кызматтары анын компьютеринен кандайдыр бир материалдар табылганын билдирип, кийин аларды "экстремисттик мүнөздөгү материалдар" деп аташкан. Бир канча айдан кийин Ташкентте сот аны экстремизмге айыптап, 5 жылга эркинен ажыраткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.12.2016. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат экен өзбек туугандар, мамлекеттин коопсуздугун ошентип катуу көзөмөлдөш керек сырттан киргендерди.
13.12.2016. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:) жаңы президент шайлангандан кийин тууган дегенге бир аз ажарады окшойт ?
13.12.2016. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сырттан киргендердин телефонун, ноутбугун текшерсе вообще күчтүү экен. Биздин кыргыздарды гана кыйнап, камап ,артынан түшүп жүргөн ГКНБ үлгү ала тургандай экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: