Бүгүн таңга маал өлкө аймагында эки ирет жер силкинди

Бүгүн таңга маал өлкө аймагында эки ирет жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-декабрь күнү саат 04:16да Фергана тоо кыркаларынын аймагында 4-4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында 4 балл, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда 4 балл, Ош облусунун Өзгөн районунун Ара-Көл айылында 3 балл, Салам-Алик айылында 3 баллга чейин сезилген.
Ал эми саат 06:43тө Жалал-Абад облусунун аймагында 3 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер силкинүү Базар-Коргон айылында 2-3 баллга сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жаратылыш кырсыгынан кыйроолор жана жабыркагандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
Nusu9898

19.12.2016. 09:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жараткан озу сактасын. Эмне эле болуп жатат. Негизи биз адамдар бузулдук окшоойт
Bolunbo.kyrgyz

19.12.2016. 09:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жер не болтат кун жаагандай эле жер деле бат баттан титиреп калдыго
Boldukan86

19.12.2016. 10:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
суткорлор кобойду зынаа кобойду алдамчылык кобойду уурулук кобойду текеберлик кобойду мээримсиздер кобойду ырайымсыздар кобойду мыкаачылар кобойду кечирим жоголуп кек кобойду эки жуздуу кобойду албетте жер которо албай бара жатат.
Jazka.j

19.12.2016. 10:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактасын тынчтык аманчылык токчулук болсун адамдар болорунча болду да
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.