super.kg logo
  Саясат  

Бекназаров: "Бүгүнкү оппозициянын митингине кыргызга күйгөн жарандар келди"

 

24-апрелде Бишкекте оппозиция уюштурган митинг өтүүдө. Ага болжол менен 300дөй жаран келип, уюштуруучулар өз талаптарын айтышууда. Айтылган талаптардын бири - "Кумтөр" келишимин жокко чыгаруу жана аны чет элдик инвесторлорго бербөө. Айта кетсек, митингге "Эл үнү" коомдук кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаров жетекчилик кылууда. Бекназаров митингге мурда айтылгандай 10000 киши эмес, аз гана эл келгенин ар кандай себептер менен түшүндүрдү. Анын айтымында көпчүлүк катышуучулардын митингге келүүгө шарты болбой калды. Ошондой эле бул нааразычылык акциясына кыргыздын келечегине чын дилден күйгөн жарандар келди.

Айта кетчү нерсе, Бекназаров өлкөгө стабилдүүлүк жана тынчтык керектиги тууралуу бир да сөз айткан жок. Балким көпчүлүк шарттын жоктугунан эмес ызы-чуудан тажагандыктан келбегендир...






Бишкектеги митинг...

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: